Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусуНарын району 14.01.2019 08:17 На русском

Подполковниктин өлүмү: Күнболот Касмалиев акыркы жолу эгизинин үйүнөн чыгып кеткен (видео)

Turmush -  Жансыз денеси унаа жолдон табылган подполковник Күнболот Касмалиев эгиздин түгөйү болчу. Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү болуп эмгектенип жаткан маркум акыркы жолу эгизи Нурболот Касмалиевдин Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен.

Маркумдун жакындары менен Turmush басылмасынын кабарчысы жолугушту.

«Эгизим Күнболот акыркы жолу 9-январда үйгө келип, экөөбүз маңдай-тескей отурдук. Жумуштан келсем үйдө экен. Ооруп жаткандыктан Бишкекке алып келген уулу тууралуу сурасам, ооруканага эртең алып барам деп койду. Экөөбүз тамактанып отурганда телефон чалуу болуп, ичип жаткан тамагын таштап кетип калды.

Андан 4-5 сааттан кийин окуяны уктум. Ысык-Ата районуна караштуу айланма жолдо болуптур. Мага берген маалымат боюнча, унаасын Дордой, Ак-Батанын тегерегине таштап койгон. Унаа жолдун боюнда калып, өзү андан 15 чакырым алыстан табылган», - деди Н.Касмалиев.

Ал эми байкеси Бекболот Касмалиев маркум бала чагынан бери боорукер, шайыр болгонун эскерди.

«Кичинекей кезинен боорукер, шайыр бала болчу. Өтө жоопкерчиликтүү эле. Бир ишти жасайм десе аягына чейин жеткирип, ар бир нерсеге так, ак көңүл болчу. 1998-жылы мектепти аяктап, андан кийин ИИМдин академиясында окуп баштаган. 2004-жылы окууну бүтүп келип, облустун 5 районунда тең иштеди. Өзүнүн жумушуна жоопкерчиликтүү болуп, жумушун үй-бүлөсүнөн дагы өйдө көрчү.

Артында бир кыз, эки уул калды, эң кичүүсү 2 жашка чыкты. Ал эми ортоңку уулу 2-класс болсо, улуу кызы 3-класста окуйт», - деди байкеси Б.Касмалиев.

Маркумду жакын досторунун бири Эрлан Салморбеков курч, берешен эле деп сүрөттөдү.

«Балдардын жамандык-жакшылыгынан калбаган уюштургуч эле. Акыркы жолу 9-январь күнү эртең менен жолуккам. Окуяны Ысык-Ата райондук милициядан биринчилерден болуп кабарлашты. Өзгөчө оор жоготуу болду. Ал кыргыз милициясына салымын кошуп, өмүрүн арнаган. Кайда болбосун элдин коопсуздугу үчүн иштеп келген. Анын үй-бүлөсүнө, жубайына, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деди Э.Салморбеков.

---------------------------------------------------------------

12-январда маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү. Сөөгү Нарын шаарындагы үйүнөн чыгып, Нарын районунун Кеңеш айылында жерге берилген.

Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиевдин айтымында, Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча 1 шектүү адам кармалып, 3 адам сурак берүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, 10-январда саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, маркумдун аты-жөнүн тактоо, шектүү айдоочуну аныктоо жана кармоо аракеттери башталган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчү Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот экендиги аныкталган.
82d2983d92d84521f25c444974f04cdf_500_0_0
Өмүр баяны (Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан алынды):

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбекович 1982-жылы 11-апрелде Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1998-жылы Нарын шаарындагы №3 Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында билим алып баштап, аны 2004-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон. Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп кызмат өтөп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×