Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуНарын району 12.01.2019 12:59 На русском

Сүрөт, видео: Денеси унаа жолдон табылган подполковник Күнболот Касмалиев жерге берилди

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касмалиев жерге берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маркумдун сөөгү Нарын шаарында жашаган үйүнөн узатылып, Нарын районунун Кеңеш айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатууга Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиев баш болгон өздүк курам, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев катышты.

-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------

ИИМдин маалыматы боюнча, 10-январда саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, маркумдун аты-жөнүн тактоо, шектүү айдоочуну аныктоо жана кармоо аракеттери башталган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчү Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот экендиги аныкталган.

Подполковник Күнболот Касымалиев

Өмүр баяны (Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан алынды):

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбекович 1982-жылы 11-апрелде Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1998-жылы Нарын шаарындагы №3 Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында билим алып баштап, аны 2004-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон. Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп кызмат өтөп келген.

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбековичтин артында 2 уул, 1 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×