Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусу, Нарын 30.03.2019 10:20

Адистердин кеңеши: Укумдан тукумга берилген резус-фактор жана кан топтору

Turmush -  Адамдын денесинде 5 литрге жакын кан бар. Кан топтору жана анын резус-фактору канчага бөлүнөт, ата-эненин кан тобуна жараша наристе кандай төрөлөт деген суроолорго Нарын облустук Кан борборунун дарыгер-лаборанты Чынара Жакыпова жооп берди.

Анын айтымында, Кандын курамындагы эритроциттерде атайын белок – антиген бар. Антигендер ар адамда ар башкача болот жана А, В деп белгиленет. Антигендер гендин бир варианты болуп эсептелет жана кан топтору үчүн жооп берет. Башкача айтканда, антигендердин өзгөчөлүгүнөн улам кан топторго бөлүнөт. Кандын суюктугунда антигенге каршы антителалар да бар.

Кан топтору:

- О (I) – биринчи топ;
- А (II) – экинчи топ;
- B (III) – үчүнчү топ;
- AB (IV) – төртүнчү топ .

Резус-фактор

Кан топторго бөлүнгөндөн тышкары оң (положительный) резус же терс (отрицательный) резус-факторго ээ. Резус-фактор адамдын канынын тубаса өзгөчөлүгү. Өмүр бою өзгөрүлбөйт жана ал укумдан тукумга берилет.

Резус-фактор белокко тиешелүү жана адамдагы эритроцитте кармалат. Резус-фактор жандуулар арасынан адамда, «Резус» аттуу маймылдарда кездешет. «Резус» деген аталыш ушундан улам келип чыккан. Резус-факторду XX кылымдын биринчи жарымында австралиялык К.Ландштейнер жана америкалык А.Виннер аттуу окумуштуулар ачкан. Алар мындай ачылышы үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушкан. Резус-фактордун ачылышы кан куюу жаатындагы табылгыс ачылыш болуп эсептелген. Себеби, ага чейин адамдарга кан куюуда кээ бирөөлөр узакка эсин жоготууга барса, кээ бирөөлөр өлүмгө дуушарланышкан. Мындай көрүнүш табышмактуу болуп эсептелип, жандырмагы резус-фактор ачылгандан кийин гана белгилүү болгон. Анткени, оң резуска ээ адамга терс резустагы канды куюудан реакция жүргөн. Адамдардын 87 пайызы оң резусту алып жүрсө, 13 пайызы терс резусту алып жүрөт.

Баланын кан тобу

Адамдардын көпчүлүгү баланын канынын тобу ата-энесинин тобун тартабы деген суроого кез келишет. Бул суроого төмөнкү маалыматтар жооп бермекчи. Ата-энесинин каны 1-топто болсо, анда бала 1-топтогу кан менен төрөлүшү мүмкүн. 2-топто болсо, анда бала биринчи же экинчи топко ээ болот. 3-топто болсо, анда бала биринчи же үчүнчү группага ээ болот. Биринчи жана экинчи топто болсо, анда бала биринчи же экинчи топтогу кан менен төрөлөт. Биринчи жана үчүнчү топто болсо, анда ымыркай биринчи же үчүнчү топко ээ болот. Экинчи жана үчүнчү топто болсо, анда ымыркай каалагандай топтогу кан менен төрөлөт. Биринчи жана төртүнчү топто болсо, анда бала экинчи же үчүнчү топко ээ болот. Экинчи жана төртүнчү топто болсо, анда ымыркай экинчи, үчүнчү же төртүнчү топтогу кандардын бирине ээ болот. Үчүнчү жана төртүнчү топто болсо, анда бала экинчи, үчүнчү же төртүнчү топтогу кан менен төрөлөт. Төртүнчү топто болсо, анда бала экинчи, үчүнчү же төртүнчү топтогу канга ээ болот. Эгер ата-эненин бирисинин каны биринчи топко таандык болсо, бала төртүнчү топтогу кан менен төрөлүшү мүмкүн эмес. Ошондой эле ата-эненин бирисинин каны 4-топто болсо, бала биринчи топтогу кан менен төрөлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×