Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 10.01.2019 18:17 На русском

Чүйдө жансыз денеси табылган подполковник К.Касмалиевдин өмүр баяны. Анын артында 3 баласы калды

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касмалиевдин (1982-жылы туулган) жансыз денеси табылды.

ИИМдин маалыматы боюнча, саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, маркумдун аты-жөнүн тактоо, шектүү айдоочуну аныктоо жана кармоо аракеттери башталган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчү Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот экендиги аныкталган.

Өмүр баяны (Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан алынды):

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбекович 1982-жылы 11-апрелде Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

IMG-20190110-WA0077

1998-жылы Нарын шаарындагы №3 Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин академиясына тапшырып, аталган окуу жайды 2004-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон. Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү кызматында кызмат өтөп келген.

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбековичтин артында 2 уул, 1 кыз калды. Анын сөөгү Нарын шаарында 12-январда жерге берилет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ардагерлердин кеңеши жана өздүк курам, ошондой эле Нарын ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, ардагерлер кеңеши, ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×