Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.01.2019 10:23

Ак-Талаанын спортчулары квалификациясын жогорулатышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун балбандары квалификациясын жогорулатуу максатында Нарын шаарында машыгуудан өтүп жатышкандыгын «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, эл аралык жана республикалык мелдештерге даярдык көрүү жана балбандардын квалификациясын жогорулатуу максатында Советтер союзунун эмгек сиңирген машыктыруучусу Болот Ибраев уюштурган балбандарды машыктырууга Нарын облусунун райондорунун балбандары, анын ичинен Ак-Талаа районунан 20дан ашык балбан катышты.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мирбек Акиев, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Сүйүнбек Бекмамбетов, эл аралык спорттун чебери Билимбек Капарбек уулу, ошондой эле жаш машыктыруучулар Чыңгыз Жамалов, Азамат Барктабасов спортчуларды машыктыруудан өткөрүштү.

«Болот Ибраев агайдын уюштуруусунда балбандардын квалификацияларын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан машыгуу сааттары жогорку деңгээлде өттү. Эртең мененки саат 10:00дөн 12:00гө чейин машыгууда болуп, саат 12:00дөн 16:00гө чейин жуунуп, тамак-аш ичип эс алышты. Кайра саат 16:00дөн тартып саат 18:00гө чейин окутуп, машыктыруу иштери жүргүзүлдү. Бул иштин негизги багыты балбандарды эл аралык мелдештерге даярдоо, алардын өсүшүнө түрткү берүү, тажрыйба алмашуу максатында болду. Ар бир салмак категориялары боюнча окутуу, машыктыруу жүрдү», - деди Б.Капарбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×