Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.01.2019 08:15 На русском

Айыл турмушу: Жумушка түнкүсүн келип тил уккан тарбиячы Осипа электр жабдыктарын оңдойт (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасынын методисти Осипа Муратжанова электр жабдыктарын оңдоону жакшы көрөрүн жана тарбиячылык ишиндеги кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Муратжанова Осипа Төлөбековна 1983-жылы 4-апрель күнү Ак-Тал айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Ал 6 бир туугандын экинчиси. Атасы айылда тракторист, апасы дүкөндө тазалагыч болуп иштеген. Өзү үй-бүлөлүү. Жолдошу Аман мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенет.

Бишкек гуманитардык университетинен кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалимдик кесипке ээ болуп чыккан. О.Муратжанова 6 жылдан бери бала бакчада тарбиячы жана ошол эле учурда методист кызматын аркалап келет.

«Окуу жайды бүткөн соң борбор калаада тигүү цехинде иштедим. Ошол кезде атам менен сүйлөшсөм эле "сен тигүү цехине эртең менен кирип, кайра кечинде чыксаң, кайдан күйөө табылсын. Ак-Талаага кел, жумуш таап берем" деп калчу. Тилекке каршы атамдын көзү тирүү кезинде келип иштебей, минтип көзү өтүп кеткенде иштеп калганыма өкүнөм. Кийин Динара Ысамамбетова жеңем түрткү болуп жатып бала бакчада иштеп калдым», - деди Осипа жеңе.

Кол өнөрчүлүктү колго алып, жууркан, төшөк тигип, шырдак шырыганды жакшы көргөн Осипа айым электр жабдыктарын өзү эле оңдоп коёт.

«Аялзатына тиешелүү иштерди бүт эле кылам. Андан сырткары үй ичиндеги электр жабдыктары, электр туташтыргычтар бузулуп же күйүп кетсе өзүм жасаганды жакшы көрөм. Ага керектүү нерселерин сатып келип оңдоп коём. Кадимки чайнектин ичиндеги спиралы күйүп кетсе өзүм эле оңдоп алам. Мындан тышкары сахнага чыгып ырдаган жагат», - деди ал.

Тарбиячылык кесибинде көптөгөн окуяларга туш болгон О.Муратжанова бала бакчага түндө барып алган күнүн унутпайт.

«И.Арабаев атындагы окуу жайынын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынып, өзүм Бишкектеги №147 бала бакчада бала кароочу болуп иштеп жүргөн кезим болчу. Эртең менен саат 06:30да барып, тайпаларды балдар келгиче тазалап туруш керек. Кыш мезгилинде үйгө келип уктап калбайын деп мурунку совет доорундагы "Кварц" үлгүсүндөгү саатты таңкы саат 06:00гө коюп жаткам. Катуу уктап калыптырмын. Бир убакта ойгонуп саатты карасам токтоп калыптыр. Эшикти карасам жарык тийип турат. Таң аткан экен деп сыртты тыңшасам троллейбус жүргөндөй угулду. Жатаканада жашачу элем. Кийинип алып жумушка жөнөдүм. Сыртка чыгайын десем, вахтада отурган вахтерша "сен кайда?" деди. Мен жумушка барарымды айтсам, урушуп жатып эшикти ачып берди. Мен ага "дежур болсо, таң атса, милдетин аткарып, жөн эле ачып берип койбойбу" деп жиним келди. Бала бакчага барсам кароолчу уктап жатыптыр. Каалганы тыкылдатсам ачпайт. Анан күтүп отуруп алдым. Бир топко отурдум. Ал жакта жер үйлөрдө орустар тоок багышчу. Бир убакытта короз кыйкырса "саат 06:00 болгон турбайбы, короз кыйкырып калды" деп ойлонуп коём. Ошентсе деле жерге жарык кирбейт. Бир убакытта короз кайрадан кыйкырды. Ошол учурда гана кароолчу сыртка чыкты. Көрсө мен айдын жарыгына алданып эле түндө жумушка келип алыптырмын. Менин түндө жумушка келгенимди кароолчу жетекчиме айтып коюптур. Жетекчим чакырып,"экинчи жумушка эрте келбей жүр. Саат 07:00дө кел" деп тилдеди. Ошондон бери сааттын чырылдаганына жана короздун кыйкырганына ишенбейм калгам», - деди О.Муратжанова.

Осипа айым иштеги жетишкендиктери үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталарын алса, быйыл облустук гезиттин тандоосу менен «Жылдын мыкты тарбиячысы» номинациясына ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×