Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуНарын району 10.01.2019 08:02 На русском

Бала кезинен ооруга чалдыккан Дөөлөтбек белекке уюлдук телефон алды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Достук айылында жашаган Кубанычбек уулу Дөөлөтбекке Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюлдук телефон белекке берилди.

Ал бала кезинен айыкпас ооруга чалдыгып, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келет. Дөөлөтбек эки жакка чыкканда таяктын жардамы менен жүрөт. Райондун акими Семетей Черикбаев аны апасы менен кабыл алып, жаңы жылы менен куттуктап, жаңы үлгүдөгү уюлдук телефонду белек катары тапшырды. Дөөлөтбек ыраазычылыгын билдирип, келечекте билим алууну ойлонуп жаткандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×