Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 09.01.2019 14:53

«Жеңеке»: Жаш кезинде күйөөсүн сыртынан жактырган А.Исмаилова анын үйүнө жылаңайлак барган (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 45 жаштагы тургуну Алиман Исмаилова аталган айылда балачагы өтүп, ал ушул эле айылдагы тургунга турмушка чыккан. Учурда Алиман жеңе айылдагы мектепте башкы ашпозчу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Өзүнүн айтымында, жумушунан тышкары майрамдарда ырдап жана тойлордо буйрутма менен тамак-аш жасап, кошумча киреше табат.

«Менин балалыгым Казыбек айылында өтүп, Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебин аяктагам. Жолдошум дагы ушул айылдан болот. Мени атам (кайнатасы) менен апам (кайненеси) сыртымдан баамдап, келин кылууга ылайыктап жүрүшчү экен. Бир күнү алар ата-энеме куда түшүп келишип алып кетишкен. Бир айылда чогуу өскөндүктөн жолдошум Мухамбеттин адамдык сапатын баалап, өзүм деле жактырып жүрчүмүн. Жолдошум экөөбүз 28 жыл бирге өмүр сүрүп, 2 уул, 2 кыздуу жана 1 неберелүү болдук.

Жаңы келин болуп барганда көбүнчөсү кызыктуу окуяларга туш болот экен. Менде андай эсте калган күлкүлүү күндөр деле болгон эмес. Бирок, эсимде калганы кичинекей кезибизде койдун кекиртегин жесе, күйөөгө жылаңач кетесиңер деп айтышчу. Бул айтылган чынбы деп ойлоп койдум. Себеби мен Мухамбетке турмушка чыгарда кичинекей сиңдимди көтөрүп турган элем, ошондо жолдошум тамашага салып, жылаңайлак унаага отургузуп кеткен. Ошол бойдон келин болуп кала бергем (күлүп)», - деди ал.

Айлиман жеңе 4 жылдан бери мектепке иштеп жана анын атынан спорттук мелдештерге катышып жүрөт.

«2015-жылы Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде 10 ай ашпозчулук билим алгам. Ушул эле жылы айылыбыздагы мектепке ашпозчу болуп кирип, 1 жылдан бери башкы ашпозчулук кесипти аркалап келем. Жумушумду абдан сүйөм. Буга чейин ооруканада санитардык кызматты аркалагам. Ошондон кийин жамаат менен иштөө жагып, үйдө отурбастан билим алып, мектепке жумушка киргем. Ишимден тышкары тойлордо буйрутмаларды алып, тамактын жана салаттын түрүн жасап, кошумча киреше табуудамын. Ошондой эле 2012-жылы айылдык кеңешинин төрагасы болгом жана майрам күндөрү сынактарды жана ыр кеселерди уюштурам. Айыл ичинде жана облустук сынактарга чейин барып, ырдап келебиз. Муну менен гана чектелбестен ыр дагы жазып калам. Убактымды текке кетиргим келбейт. Бош убакыт болуп калса эле кол өнөрчүлүк менен алектенем жана волейбол ойнойм. Бул спорт оюнуна мектепти бүтүргөндөн кийин кызыгып, ойной баштагам. Учурда мектебибиздин атынан айымдар арасындагы волейбол боюнча спорттук мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды алып келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×