Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуНарын району 09.01.2019 11:45

Күндүн видеосу: Ызгаар суукка карабай түнгө чейин муз тепкен нарындык бөбөктөр (видео, сүрөт)

Turmush -  Учурда мектептерде кышкы эс алуу убагы. Кыштын ызгаар суугуна, балбалактап кар жаап жатканына карабай түн ортосу чейин көңүлдүү эс алып жаткан бөбөктөрдүн оюнуна аймактык кабарчы күбө болгон.

Нарын районуна караштуу Кара-Бүк айылынын эс алуу жайындагы атайын муз тебүү аянтында өзүнүн балдарын эс алдырууга алып келген ата-энелер бөбөктөр менен чогуу балалык күндөрүн эстеп, көңүлдүү эс алып жатышат. Видеодо бөбөктөрдүн тоңуп калганына карабай сүйүнүү жана көңүлдүү эмоциялары менен чана, жылтырак баштыкчалар жана атайын калай муз тепчү жабдыктардын жардамында муз тээп жатканына күбө болосуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×