Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуЖумгал району 09.01.2019 09:50

Айыл турмушу: Жумгалда жарнама таратуу түйүнүн ачкан Э.Чекировду көбү Умар деп таанышат (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Эрнисбек Чекировду көбү Умар деп таанышат. Ал райондо алгачкы ирет жарнама таратуу түйүнүн ачкан.

Эрнисбек 2010-жылдары диний сабак алып, атын Умар деп өзгөрткөн. Ал 1988-жылдын 14-июлунда Чаек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлүп, таенесинин колунда өскөндүктөн Миң-Куш шаарчасында 11-классты бүтүргөн. Ага чейин Чаек айылындагы Ак-Татыр, азыркы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде окуган.

«Окуучулук кезде жакшы окучу элем. Коомдук иштерге активдүү катышчумун. Кийин окууну аяктап, мекенди коргоо үчүн Улуттук гвардиянын атайын даярдалган отрядында 1 жыл татыктуу кызмат өтөп келгем. Кийин жогорку окуу жайга кабыл алынгам. Бирок белгилүү себептерден улам окубай калып, кийин каржылык боюнча орто билим алгам. Андан кийин соода-сатык кылып, алгач "Ош" базарында, кийин соода борборлорунун биринде жөнөкөй сатуучудан директордун жардамчысына чейин көтөрүлдүм. Андан соң үй-бүлө куруп, айылга келдим. Жан багыш үчүн соода кылып, элге кантип керегимди тийгизем деп көп ойлондум. Акыры Улан деген агам экөөбүз сүйлөшүп, райондун борборуна жарнама таратуу түйүнүн ачалы деп чечтик. Мен дароо борборго жөнөп, шаймандарды алып келип, 2 жыл мурун районго эң биринчилерден болуп ачтык.

Көп элдер сүйүндү, сата албай жаткан оокатын биз аркылуу сатып жатышты. Элдин батасын алдык. Азыр кудайга шүгүр. Ал менен эле токтоп калбастан социалдык түйүндөрдөн Жумгал-Чаек жарнамалар тайпасын, Бишкек-Чаек такси тайпаларын ачтым. Элдин көбү катталып, азыркы учурда үйдөн эле жумуштарын бүтүрүп жатышат. Кудай буюрса алдыда эл үчүн ой-максаттарым көп», - деди ал.

Эрнисбек Чекиров 6 бир тууган. Атасы Медетбек Чекиров 1961-жылкы, кесиби мугалим. №26 кесиптик лицейинде мастер кийин, М.Алыбаев атындагы орто мектебинде кол эмгек сабагынан өмүрүнүн аягына чейин сабак берип, бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми апасы Айнагүл Жумабекова О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде химия-биология сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет.

«Жарнама таратуу түйүнүнөн каражат деле түшпөйт. Эл үчүн иштейбиз. Күнүмдүк тамак-ашка жетет. Келинчегим "сен эл дегенде бизди деле унутуп каласың" деп айтып калат. Кээде айылда той-топур боло калганда эрке баланын дагы милдетин аткарып калам», - деди ал.

Э.Чекиров үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы. Жубайлар учурда үчүнчү наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×