Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуНарын району 09.01.2019 09:10 На русском

Нарын районунда 25 балага белектер берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аз камсыз болгон жана мектепте жакшы окуган балдарга белектер берилди. Бул тууралуу акимиаттын бөлүм башчысы Азат Идирисов билдирди.

Маалым болгондой, акимдин жаңы жылдык куттуктоо барагы менен балдарга арналып жасалган таттууларга толгон белектерди райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде тапшырышты. Мындай мүмкүнчүлүккө райондун аймагында жашаган 25 бала ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×