Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 08.01.2019 17:13

Денеси өрттөнүп, эки буту эле калган адам жана күнгө шишип, курттап кеткен мугалим: Погончон С.Нурдинованын тажрыйбасы

Turmush -  24 жаштагы Салтанат Нурдинова Аман, Эсен аттуу эгиз агаларынан кийин үй-бүлөдө төрөлгөн жалгыз кыз. Ал милиция кызматкери болууну бала кезден кыялданчу. Салтанат учурда орган тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Салтанаттын иш тажрыйбасы менен таанышты.

Салтанат Нурдинова 1995-жылы 27-июнда Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Эгиз агалары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктап, өз кесиптери менен иш алып барышат. Атасы Арстанбек Курманалиев, апасы Света Уралиева айылдагы К.Мамбеталы уулу атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенишет. Салтанат 2013-жылы орто мектепти аяктап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясындагы криминалистика факультетин 2018-жылы аяктаган. Окууну бүтөрү менен Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБдин аймактык милиция бөлүмүнө орношуп иштеген. Андан соң Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы болуп иштеп келет.

«Менин кумир туткан жашоодогу эң күчтүү адамым — апам. Ал билим берүү мекемесинде эмгектенет. Мен окуучулук кезимде абдан тентек кыз болчумун. Кыздар менен мушташып ата-энемден уруш жеп жүрүп эле окууну бүттүм. Бирок өзүм көңүл борборунда болгонду жактыргандыктан ар дайым алдыга умтулчумун. Ошондой мүнөзүмдүн негизинде мектепте класстын президенти, мектептин премьер-министри болгом.

Ар бир кесип ардактуу демекчи, милиция кызматы керектүү, түйшүктүү, оор жана татаал жумуш. Менин оюмча, милиция тармагында иштеш үчүн аябай күчтүү инсан болуш керек. Мен үчүн милиция кызматкери деген ар тараптан билимдүү, логикасы өнүккөн, коомдун ар түрдүү мүчөлөрү менен тил табышып иштей билген, маданияттуу өтө жоопкерчиликтүү адам. Кичинемден тил үйрөнүп, жер кыдырууну кыялданчумун жана орган тармагында иштөөнү максат кылчу элем. Жакшынакай, жарашыктуу форманы мен дагы кийгим келчү. Бош убактымда чет элдик жазуучулардын китептерин окуганды жактырам», - деди С.Нурдинова.

Салтанат спорттун дзюдо түрүнө кызыгат жана жай мезгилинде чуркоону жактырат.

«Кызмат учурунда таң калычтуу окуялар көп эле болот. Ар кандай кыялы бар адамдар менен тил табышып сүйлөшүүгө туура келет. Өспүрүмдөр менен иштегендиктен окуучу кыздар мени көрүп сүйлөшүп калышса "милиционер" болом деп башташат. Өндүрүштүк практика үчүн Токмок шаарындагы тергөө кызматына барып калдым. Ошондо өрт чыгып, чакырууга чыкканбыз. Эсимде, өрт чыккан жерге барсак үй өрттөнүптүр. Ичине кирсек керебетте эки бут гана отурат. Адамдын денеси жок, күйүп кеткен экен.

Кийин Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаман жыт жыттанып жатат деген маалымат түштү. Барсак кытай улутундагы адам экен. Бишкек шаарынын бир билим берүү мекемесинде мугалим болуп иштеп жатыптыр. Анын үйүнө кирсек суу, "куксинин" эле калдыктары бар экен. Ал жарандын каза болуп калганына 10-15 күн болуптур. Керебети терезенин түбүндө болгондуктан күн тийип денеси шишип, курттап кетиптир», - деди ал.

Салтанат облустук деңгээлде погончон айымдар арасында өткөн сулуулар сынагына катышкан. Кийин Жумгалда окуучулар арасында «Жумгал сулуусу-2018» сынагын уюштурган.

«Милиция кызматкери болуп иштеп, жашоого көз карашым өзгөрдү. Жашоодо боло турган ар кандай көрүнүштөргө даяр болууга үйрөттү.

Тамашакөй, олуттуу сүйлөгөн, айткан сөзүн аткара билген чыныгы мырзалар жагат. Үй-бүлө күтүү азыр планымда жок, мүмкүн 1-2 жылдан соң ойлоном. Келечекте бактылуу эне, сүйкүмдүү жар болууну каалайм. Үй-бүлөм менен бирге чет мамлекетте саякат кылууну кыялданам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×