Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.01.2019 13:25

Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында көк бөрү уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында кыш мезгилине карабай көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын 8-кварталы тарабынан көк бөрү мелдеши уюштурулуп, ага жалпы 5 команда оюн талаасында күч сынашты. Мелдешке катышкан командалар ортого каражат чыгарып оюн көргөзүштү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду 9-квартал, 2-орунду 8-квартал жана 3-орунду 7-кварталдын оюнчулары камсыздашып акчалай сыйлык жана дипломго ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×