Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 07.01.2019 13:37

Боорун алмаштырууга мажбур болгон ат-башылык Айданага кайрымдуулук концерт өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  23 жаштагы ат-башылык Айдана альвеококкоз оорусуна чалдыгып, операция жасатуу үчүн 40 миң доллар керек болгон. Бул үчүн кайрымдуу жарандар жардам берип, ырчылар чогулуп концерт өткөрүштү. Бул тууралуу уюштуруучу Ильгиз Абдалиев билдирди.

Ат-Башы районунун Дыйкан айылынын 1996-жылы туулган тургуну Айдана Ташиева 2018-жылдын ноябрь айынан баштап боор оорусу менен жабыркап келет. Ага дарыгерлер 2 айдын ичинде Индия мамлекетинде трансплантация жолу менен боорду кыска мөөнөттө алмаштыруу керектигин айтышкан. Үйүндөгүлөрү жардам сурап элге кайрылышкан. Андан соң ырчылар кайрымдуулук концертин уюштуруп, элдер өз алдынча да акча чогултушкан. Элден чогулган акчалар апасына тапшырылып берилди.

«26-декабрда Бишкек шаарында кайрымдуулук концерт өттү. Анда зал толо киши келип, кыздын апасына 450 миң сом тапшырганбыз. Ат-Башы айылында дагы Нарындын, Ат-Башынын ырчылары менен бирге марафон өткөрдүк. 650 билет 100 сомдон сатылды. Андан сырткары кайрымдуу эл 10 миң сомдой акча беришти. Дүкөнчү, айдоочу байкелер элден түшкөн акчаларын беришти. Айдананын боорун алмаштырууга 40 миң доллар керек болгондугуна байланыштуу элден жардам сурадык. Концерттен түшкөн, элден келген акчалардын баарын Айдананын апасына тапшырып бердик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×