Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуКочкор району 07.01.2019 09:43

Кочкор—Чаек жолунун боюнда сатылган көмүр айлананы булгап жатат, - кочкорлуктар (сүрөт)

Turmush -  Кочкордогу Кочкор—Чаек автожолунун боюнда сатылган көмүр айлананы булгап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тургундар билдиришти.

Кочкор—Чаек унаа жолунун Кочкор—Туз жолу менен кесилишинде орун алган дүкөндөрдүн жанында бир кап көмүрдүн баасы 150 сомдон сатылат. Жүргүнчүлөр бул жайды «Кара-Кече» атап алышкан. Жол жээктеринде кыркалай төгүлгөн көмүрдүн арзанына карап, жолдо бараткан унаалардын айдоочулары, жүргүнчүлөр, айыл тургундары сатып алышат.

«Арзанына карап кардар көп, бирок тазалык сакталган эмес. Көмүрдүн чаңы жолго чейин каптап, ал жерде сатылган азык-түлүктөргө зыянын тийгизип жатат», - деди айыл жашоочулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×