Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 07.01.2019 09:12 На русском

Айыл турмушу: Окуучуларды эл артисттин концертине киргизбей кызматынан түшкөн З.Өмүракунованын баяны (сүрөт)

Turmush -  Эл агартуунун отличниги Зайнап Өмүракунова быйыл 82 жашта. Ал 37 жыл бою балдарга кыргыз адабиятынан билим берген. Бир убактарда Ат-Башы айылындагы кыргыз мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жүрүп кыргыз эл артисти Сейитказы Андабековдун концертине окуучуларын киргизбей койгону үчүн ээлеген кызматынан түшкөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Зайнап Өмүракунова 1937-жылы 25-майда Талды-Суу айылында мамлекеттик кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктап, 1962-1968-жылдары Фрунзедеги Маяковский атындагы пединститутта окуп, жогорку билим алган. 1958-жылдан 1994-жылга чейин билим берүүдө эмгектенген. 1968-жылдан 1978-жылга чейин окуу бөлүмүнүн партиялык уюмунун секретары болуп иштеген. Жогорку категориядагы мугалим, «Мугалим-методист», «Эл агартуунун отличниги» наамдарын алган. 2003-жылы «Өмүр издери» аттуу китеби жарык көргөн. 2011-жылы 75 жаш курагы райондук деңгээлде белгиленип, «Ардактуу атуул» наамы жана айылдык китепканага ысымы берилген. 3 эркек, 2 кызы жана небере, чөбөрөлөрү бар. Учурда ардактуу эс алууда, аңгеме, макала, драмаларды жазып келет.

«Жаш кезимде мектепте иштедим, андан сырткары партиялык уюмдун секретары болуп жүрдүм. Ат-Башы айылында бир кыргыз, бир орус мектеп бар болчу. Анда мен кыргыз мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болчумун. Бир жылы 2 мектептин балдары мушташып, орус мектептин бир баласы каза болуп калды. Ошондо билим берүү бөлүмү тарабынан түн ичинде балдарды көчөгө чыгарбай, мугалимдер катуу көзөмөлгө алгыла деп көрсөтмө берди. Ошентип балдарды көзөмөлгө алдык. Ал убакта директор башка жумуштары менен кетип анын милдетин да аткарып жүрдүм. Айылга Сейитказы Андабеков келди, ошондо мен балдарды түнкү концертке киргизбейбиз дегем. Райком телефон чалып, концертке киргизгиле деди. Мен такыр болбой койдум, балдарды таратып жибердим. Ошону менен концерт болбой калды, ырчы кетти. Анда райкомдун секретары Саринжи Жумагазиев болчу. Облустук билим берүү бөлүмүндө иштеген бирөөнү ээрчитип мектепке келип калды. Келип партиялык уюмдун документин текшерди, так экен. Андан кийин мага келип, “Андабековдун концертине балдарды эмнеге киргизбей койдуңуз” деп кайрылды. “Балдарды көзөмөлдөгүлө дедиңер эле өзүңөр” деп каяша айттым. Ошону менен кетти. Райондук билим берүү бөлүмүнө “З.Өмүракунованы кызматтан түшүр” деп тапшырыптыр. Кызматтан түшүп 1-класстарга сабак берип калдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×