Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуЖумгал району 03.01.2019 11:07

Элет көйгөйү: Жумгалдагы ата-энелер К.Акиев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу бүтпөй жатканына нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы К.Акиев атындагы орто мектебинин жаңы салынып баштаган имаратынын курулушу акыркы 4 жылдан бери токтоп турат.

Айыл тургуну Гүлжамал Асанбекованын айтымында, айыл эли эски мектептен кооптонуп, балдарын окууга жибербөөнү туура көрүшкөн.

«Эмнеге өкмөт кайдыгер мамиледе. Жолубуз союз мезгилинен бери жараксыз абалда. Эми мектебибиз авариялык абалда турат. Балдарды мектепке жиберүүдөн кооптонуп турабыз. Жаңы мектеп курулуп жатат дегенинен аябай сүйүндүк эле, бирок тилекке каршы бул тилегибиз таш капты. Баштап коюп аягына чыгыша элек. 4 жыл болду. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Урматтуу Мухамедкалый Абылгазиев коррупциядан түшкөн каражаттан деле бөлүп берсеңер боло. Ушул жылы биздин мектептин ишин жандандырып, бүтүрүп берсеңиздер жакшы болот эле. Айыл тургундар балдарыбызды мектепке жибербейбиз деп жатабыз. Эски мектеп урап калып, балдарыбызды басып калса, аларга ким жооп берет? Бүтүндөй айыл эли, ата-энелер кайрылуу жасадык», - деди Г.Асанбекова.

2014-жылы мектептин долбоору жасалып, 2015-жылы жалпы 59,6 млн сом каралган. Анын 11 млн сому 2016-жылы которулса, 2017-жылы 3 млн сом каржыланган. 2 кабаттуу боло турган мектептин учурда 1-кабатынын дубалдары бүтүп, бирок каражаттын жоктугунан курулуш иши токтоп калган. 2017-2018-жылдары курулуш иштери аткарылган эмес.

Мектеп директору Токтошүкүр Муталиев эски мектептин пайдубалы чөгүп, дубалдары жарактан чыкканын айтты.

«Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан тарыхта биринчи жолу имарат курулуп баштаган. Бул К.Акиев атындагы мектеп авариялык абалга келгендиктен, жаңы мектеп куруу демилгеленип, өкмөт тарабынан ишке ашкан. Учурда эски мектептин пайдубалы чөгүп, дубалдары жарактан чыккан. Ата-энелердин кооптонуусу да ошондон чыгып жатат. Биз туура түшүндүрүүгө аракеттенип жатабыз. Балдар билим алышы керек», - дейт Т.Муталиев.

Тема боюнча: Кызыл-Жылдызда курулуп жаткан 225 орундуу мектепке каражат жок, иш солгундады, - директор (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×