Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.01.2019 14:07 На русском

Ак-Талаанын делегациясы иш сапары менен Түркияга барды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жетекчилиги кызматташуу максатында Түркиянын Балыкесир провинциясына иш сапары менен барып келгенин район акими Нурбек Молдокадыров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, өзү баштаган бир катар жеке ишкерлер Балыкесир шаарынын бийлиги менен жолугушуп, чакан ишкерликти, айыл чарба тармагы жана социалдык-экономикалык тармакты өнүктүрүү, тыгыз кызматташуу туурасында сүйлөшүү жүргүзүлдү. Иш сапардын жүрүшүндө делегация аталган шаардагы сүт багытындагы уй фермалардын, элге социалдык колдоо көрсөтүү пункттары, айыл чарба шаймандарын өндүрүү заводдору жана башка ишкана, цехтер менен кеңири таанышып чыгышты.

«Балыкесирге жеке ишкерлер менен биргеликте барып, бир катар тармак боюнча кызматташуу туурасында сүйлөшүү жүргүзүп келдик. Аталган шаардын бийлиги бизди жылуу маанайда тосуп алышты. Түрк жана кыргыз эли боордош эл экенибизди билдирип, бири-бирибизге белектерибизди тапшырдык. Өзгөчө Ак-Талаа районунун климаттык шарты катаал, чек арадагы тоолуу район экендигин, айыл чарба, социалдык маселелер бар экендигин билдирип колдоо, кызматташуу тууралуу пикирибизди айттык. Жай мезгилинде алар да Ак-Талаага келүүнү, бирге иштешүүнү, кызматташууну жана чакан ишкерликти колдоп берүүнү убадалашты», - деди район акими Н. Молдокадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×