Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуНарын району 31.12.2018 10:57 На русском

Сүрөт: Нарында жарым миллион сомдук мал-жандыктарды жеген карышкырлар жок кылынды

Turmush -  Нарын районунун Он-Арча айыл аймагында мал чарбачылыгына жарым миллион сомго чукул зыян келтирип, мал-жандыктарды жеп жүргөн эки карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Он-Арча айыл аймагынын башчысы Автандил Молдосалиев билдирди.

Маалым болгондой, карышкырлардын бири Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылындагы Туюк жайлоосунда, экинчиси Эчки-Башы айылынын Сары-Булак жайлоосунда жок кылынган. Буга чейин Оттук айылындагы жашоочулар 300 миң сомдой зыян тартса, Эчки-Башы айылынан 200 миң сомдук мал-жандыктар бөрүлөргө жем болгон эле.

Ошондой эле учурда карышкырлардын санын азайтуу аракеттерин жергиликтүү мергенчилер улантып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×