Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.12.2018 12:55

Ак-Талаада акимдин балатысында 90 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда акимдин балатысы өтүп, 90 балага жаңы жылдык белектер тапшырылгандыгын балдар билим берүү борборунун директору Айнура Баязова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 27-декабрь күнү райондук маданият бөлүмүнүн концерттик залында акимдин балатысы өтүп, анда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райадминистрация жана демөөрчү тарабынан томолой жетим, социалдык жардамга муктаж балдарга жаңы жылдык белектер берилди. Белек тапшырууга район акими Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышты. Ошондой эле балдар билим берүү борборунун уюштуруусунда «Жаңы жылды тосолу» аттуу концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×