Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 27.12.2018 10:38 Жаңыланды: 27.12.2018 19:20

Сүрөт: Ат-башылык 6 балалуу жалгыз бой атанын тагдыры

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жашаган Ишенбек Акматов 6 баласын жалгыз тарбиялап жатат. 42 жаштагы жалгыз бой ата жаз алды менен там курууну кыялданып жатканын аймактык кабарчы менен болгон жолугушууда билдирди.

Буга чейин да Turmush басылмасы жалгыз бой атанын тагдырын баяндаган болчу.

И.Акматов ушул айылда 6 бир туугандын арасында өскөн. Нарындагы интернаттан билим алгандан кийин атасына жардам берип, кой багышып жүрдү. Ал эми атасы малчы болуп жүрүп, 41 жашында көз жумган. Өзү атасы киши колдуу болгонун кошумчалады. Ал эми апасы 6 баласын жалгыз багып өстүрүп, быйыл октябрь айында көз жумду.

Өзүнүн айтымында, жубайы менен 2002-жылы таанышып, Токмокко жер которуп жашап калышкан. Бирок 6 балалуу болгондон кийин ичкиликке байланыштуу үйдө чыр-чатак көбөйгөн. Жубайы балдарын балдар үйүнө таштап кеткенде кайра өзү алып, айылына кайтканын айтат. Учурда айылдагы эски үйдө убактылуу баш калкалап жаткан үй-бүлөгө кайрымдуу адамдар жардам көрсөтүп турушат. Ишенбек Акматов айыл өкмөттө чарба кызматкери болуп эмгектенип, 2500 сом эмгек акы алса, 6 баласына мамлекет тарабынан 13 миң сом жөлөк пул берилип жатат. Бул каражат улам чоңоюп жаткан балдарга баары бир жетиштүү эмес, дейт жалгыз бой ата.

Жаман болсо да балдарымдын энеси...

«2002-жылы жубайым экөөбүздү эжем тааныштырган. Бири-бирибизди жактырып үйлөнүп, жакшы эле жашап жүрдүк. Казакстанда мал бактык, Токмокто жашап жүрдүк. Ал жактан аялым арак ичип кетип калды. Ал кезде эң кичүү кызыбыз 6 айлык болчу, азыр 4 жашта. Балдар үйүнө өткөрүп кеткен. Арадан 6 ай өткөндөн кийин балдарды кайра алдым. Аялымдын ичип кетүүсүнүн себебин азыркыга чейин түшүнө албайм, айлана-чөйрөсү, тааныштары бузду окшойт. Бирок малга, оокатка, үйгө да тың болчу. Бир дагы жолу басып келген жок. Ар кайсы жерде жүрөт деп угам, бирок жолуга элекмин. Жаман болсо да балдарымдын энеси да. Бирок балдарды балдар үйүнө таштап кетип жатса, алардын деле көңүлү калды», - деди И.Акматов.

Балдарымды эми кантип багам дечүмүн, бирок бакса болот экен...

«Учурда айыл өкмөттүн чарба кызматкери болуп иштеп, 2500 сом айлык алам. Балдарга жөлөк пул деп 13 миң сом беришет. Бирок ошол деле 6 балага жетпейт экен. Кышкыга отун, көмүр алдык.

Балдарым 13, 12, 10, 7, 6 жашта болсо, эң кичүү кызым 4 жашта. Жазында там курайын деп жатам. Айыл өкмөттөн жер беребиз дешти.

Балдарым чоң окуу жайда окуп, жаман балдарга кошулбаса экен деп тилейм. Буларды эми кантип багам дечүмүн, бирок бакса болот экен», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×