Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусу, Нарын 24.12.2018 18:04 Жаңыланды: 24.12.2018 18:55

Жыл жаңылыгы-2018: Кыргызстанга келген памирлик боордоштордун урунттуу окуялары

Turmush -  Ооганстан мамлекетинде жашаган кыргыздар Кичи Памир жана Улуу Памир болуп экиге бөлүнгөн аймакта күн кечиришет. Кыргыз боордоштор жашаган аймак Пакистан, Кытай, Тажикстан жана Афганистан мамлекеттери менен курчалат. Памирлик кыргыздар көчүп конуп жашагандыктан алардын так саны белгисиз. Эки Памирде болжол менен 350 үй-бүлөдөй жашашат.

2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу. Бул экспедиция менен чогуу Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келген. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар эле. Алар 13-октябрда саат 20:30 чамасында Нарын шаарына мурунку вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын коштоосунда жетишкен. Ушул эле күнү вице-премьер-министрдин катышуусунда маалымат жыйын өтүп, Чолпон Султанбекова Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелерин жана жакын туугандарын алып келүү бир топ тоскоолдуктарды жараткандыгын айткан.

Андан соң памирлик боордоштор Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүп, он күндөй жатышты. Облус башчысы Аманбай Кайыпов жетектеген мамлекеттик кызматкерлер этникалык кыргыздардын эркектерине ак калпак кийгизип, кыз-келиндерге жоолук салып, ал-абалдарын сурашты. Памирлик кыргыздардын атынан сүйлөгөн Абдырасул уулу Абдыкапар ден соолуктарына кам көрүп, балдарынын билим алуусуна бардык шарттарды түзүп жаткан өкмөткө, жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.

Ал ортодо Памирден келген кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда уул төрөгөн. Мурунку вице-премьер Ч.Султанбекова эне жана баланын ден соолугунун абалы менен таанышып, Жанбүбү Маматзайым кызын куттуктаган.

Андан соң Жанбүбү Маматзайым кызы жаңы төрөгөн уулун Алмазбек деп атаган.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, бизди мекенибизге алып келген президент Алмазбек Атамбаев дин урматына анын ысымын ыйгарууну чечтик. Эгерде кыз төрөлсө Чолпон деп атамакпыз (вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова нын урматына)», - деди Жанбүбү.

Төрөт борбордогу башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиеванын жетекчилиги жана Гүлнура Мамамидинова баштаган дарыгерлердин катышуусу менен өттү. С.Назаралиеванын айтымында, бул ымыркай 38 жаштагы Жанбүбүнүн онунчу төрөтү.

«Жанбүбү эми 4 баланын апасы. Анын буга чейин 2 уулу жана 1 кызы бар болчу. Ал 10 жолу төрөп, бирок шарттын жоктугунан 6 баласы чарчап калган же өлүү төрөлгөн», - деп кошумчалады ал.

Бул үчүн мурунку президент Алмазбек Атамбаев Жанбүбүнүн үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үй белекке берген.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, үйдүн ачкычын тапшыруу аземине президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Президенттик фонддон 70 миң сомго үй эмеректери да алынган. Ошондой эле, облус башчысы А.Кайыпов Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө бешик жана кийим-кече тапшырды.

Нарын облустук бириктирилген ооруканадан медициналык кароодон толугу менен өткөн памирлик кыргыздар Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейге жайгашкан. Аларды лицейдин алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар жана мектеп окуучулары өзгөчө шаң менен тосуп алышкан.

Этникалык кыргыздарды №86 кесиптик лицейге жайгаштыруу иш-чарасына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун мурунку акими Түгөлбай Жанбоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бул жерде этникалык кыргыздар үчүн билим берүү башталып, 5 предмет боюнча сабак өтүлгөн. Аларга Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак беришти.

Памирлик кыргыздардын окуу программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышышты.

Көп өтпөй 8-ноябрда президенттик фонддон Памирден келген кыргыздардын ар бирине 50 миң сомдон акчалай жардам берилди.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Нарын районунун Куланак айылындагы лицейде жайгашкан памирлик кыргыздардын ал-абалын сурап, жашоосу менен таанышып, президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 33 адамдын ар бирине 50 миң сомдон акчалай жардамын тапшырды.

Памирлик кыргыздар лицейге жайгашкандан кийин алардын ал-абалын сурап, ар аймактардагы тургундар, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү келип жатышты. Айрымдары боордошторду өздөрүнүн жерине алып барып коноктошту. Мисалы, Ак-Талаа районунун жергиликтүү бийлигинин демилгеси менен памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунун маданияты, дыйканчылыгы жана мал чарбачылыгы менен таанышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, 21-ноябрда таңкы саат 6:00дө акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова жетектеген атайын топ Куланак айылына барып, лицейге жайгаштырылган памирлик кыргыздарды тез жардам жана укук коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен Баетов айылына алып келишти.

Памирлик боордошторду мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү тургундар жылуу маанайда тосуп алышып, тааныштыруунун алгачкы кадамы тарых музейинен башталды. Анда музейдин директору Мыктыбек Апилов экспонаттар, тарыхый инсандар, баатырлар туурасында жана Ак-Талаа району боюнча жалпы маалымат берди.

Андан кийин алар Нарын шаарындагы Какен Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде болушту. Бул тууралуу музейдин директору Анара Сабитова билдирди.

Анын айтымында, алар музейдеги тарыхый көргөзмөлөр менен таанышып, айрыкча кыргыздын улуттук буюмдарына суктанышты. Өрмөкчүлүк өнөр аларда да бар экендигин айтышып, анын согулушуна кызыгышты.

«Нарын мамлекеттик университетинде тарых адистигинде билим алып жатышкан студенттер Памирдеги кыргыздар менен бирге изилдөө жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Музей кызматкерлери тарыхый экспонаттар менен тааныштыргандан соң алар менен чай үстүндө отуруп, кызыктуу маек курушту», - деди ал.

18-ноябрда Афганистан Ислам Республикасынан памирлик кыргыздардын экинчи тобу келген эле.

Маалым болгондой, Нарын районунун Куланак айылындагы лицейге жайгаштырылган памирлик кыргыздарды көрүү үчүн Кыргызстанга жалпы 11 этникалык кыргыз учак менен учуп келишкен. Айрымдары Кыргызстанда калып, кээ бирөөсү туугандары менен көрүшкөндөн кийин кайра Памирге кайтышкан болчу.

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде облус башчысынын жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.

Маалым болгондой, иш-чарага аба-ырайынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Нарын районунан жана Нарын шаарынан чакырылган социалдык коргоого муктаж балдар жана памирлик кыргыздардын балдары катышты. Майрамды облус башчысы Аманбай Кайыпов ачып, аларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, 79 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Кеченин катышуучуларына Нарын облустук музыкалуу драма театрынын актерлору даярдаган «Жаңы жылга сапар» жомогу тартууланды. Ошондой эле, Аяз ата менен Аяз кызга кичинекей бөбөктөр жаттап келген ырларын айтышып, өз өнөлөрүн көрсөтүшүп, белектерди алышты.

Кийинчерээк лицейдеги памирлик кыргыздардын ичинен 5 үй-бүлө Нарын шаарына, 2 үй-бүлө Ат-Башы районуна, 2 үй-бүлө Кочкор районуна жайгаштырылып, балдары жергиликтүү мектептерге киргизилген.

-----------------------------------------------------------------

Нарын шаарында 21-март — Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип, ага Нарын облусунун аймагында жашап жаткан памирлик кыргыздар дагы катышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, майрамга Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдилбаит Жээнбек уулу үй-бүлөсү менен келген. Анын айтымында, Памир жергесинде Нооруз күнү салтанаттуу белгиленбейт, бирок алар бири-бирин майрамы менен куттукташат.

«Памирде биздин ата-бабаларыбыздын учурунда Нооруз майрамын майрамдап, жаңы жылды тосуп алчубуз. Бирок азыркы убакта Памирдин аба ырайынын татаалдыгына жараша биз бир жерге чогулуп майрамдай албайбыз. Мындан улам бири-бирибизди көргөн жерден "жаңы жылың кут болсун, Нооруз майрамың менен" деп куттуктап коебуз. Биз жылды Нооруз менен ажыратабыз, өткөндө бул жерде 1-январда жыл ажыратылып 2018-жыл болду. Ал эми Памирде башкача, бул күндү "тарыхый хиджра" деп коет. Ошондо биз жыл санагы менен 1397-жылга бүгүн кирдик. Тактап айтканда, ушул күнү Нооруз майрамында жылды ажыратабыз (жыл жаңырат). Бүгүн жыл башы болгондуктан 44 жашка жаңы чыктым. Башкача айтканда, туулган күнүбүздү белгилеп жатабыз.

Бүгүнкү Нооруз майрамында Нарын шаарында жогорку деңгээлдеги майрам өттү. Жалпы кыргыз элин, анын ичинде Нарын шаарынын элин Нооруз майрамы менен куттуктайм», - деди А.Жээнбек уулу.

-----------------------------------------------------------------

Этникалык кыргыздар жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттукташты. Аймактык кабарчы алардын кыргыз элине айтылган каалоо-тилегин укту.

Памирлик кыргыздардын айтымында, Улуу Жеңиш майрамын биринчи жолу нарындыктар менен чогуу майрамдап жатышат.

«Бизде Улуу Жеңиш майрамы майрамдалбайт. Бизде эки гана майрам бар. Алар — орозо айт жана курман айт. Буга чейин бул майрам тууралуу уккан эмеспиз. Бул жакка келгенде эле билдик.

Бардык согуштун ардагерлерин жана жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап өтөм. Улуу Жеңишке быйыл 73 жыл болот экен, майрамыңыздар менен. Элибизде эч качан согуш болбой, тынчтык гана болсун. Өлкөбүз өнүккөн, тынч мамлекет болуусун жараткандан тилейбиз», - деди Абдылваид Жээнбек уулу.

-----------------------------------------------------------------

Кыргызстанга балдарын окутуу үчүн келген памирлик кыргыздардын бири Шарапат Абдыкалык кызы 40 жылдан бери Түркияда жашаган эжеси Турдукан Абдыкалык кызына жолугууну самап келген. Эже-сиңди 2018-жылдын 13-июнь күнү Нарын шаарында жолугуп, сагынычтарын таратышты. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

«Сиңдим Шарапатты бала кезинен бери көрө элек болчумун. Мен турмушка узап кеткенде Шарапат 10 жашта эле. Анда мен 20 гана жашта болчумун. Азыр аны көрүп аябай сүйүнүп отурам. Ата-энем мен кетип жатканда тирүү болчу. Кийин кайтыш болуп калды. Алты бир тууганым бар эле. Азыр болсо эки сиңдим эле калыптыр. Калгандары кайтыш болуптур. Бир сиңдим бул жакта, бирөөсү Памирде. Аны менен көрүшө элекмин. Кудайга шүгүр, 40 жыл өтсө дагы бир боорума жолугуп, көрүшүп отурам. Баарына ырахмат! Бул сиңдим Нарынга келгенде телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Сиңдим биз жакка бара албайт экен. Мындан улам мен учурашып келейин дедим. Өзүм 65 жаштамын. Памирге бара албайм. Ал жакка жол жүрүү азап эле болот. Ооруйм, ошол себептен Памирге жетпей келем», - деди Турдукан Абдыкалык кызы.

Ал башынан өткөргөн оор күндөрдү айтып берди.

«Мен үй-бүлөм менен мындан 40 жыл мурун Памирден башчыбыз Рахманкул Хан менен чогуу Пакистанга качып барып жашап калдык. Биз жалпы 300 үй-бүлө качтык. Башында 5 жылдай Пакистанда жашадык. Ал жакта жүргөндө аябай ысык, тамак-ашыбыз жетишсиз болуп өтө кыйналдык. Андан кийин ханыбыз Түркиянын башчысы менен сүйлөшүп, Ван деген айылына көчүп келдик. Ванга көчүрүп келишкенде бизге Түркия мамлекети абдан чоң жардам беришти. Кийимдерди, тамактарыбызды камсыздап, жашаганга үй куруп, шарт түзүп беришкен. Азыркыга чейин жакшы карап турушат. Биз баарыбыз элине жана башчыларына ыраазыбыз», - деди ал.

Ал эми сиңдиси Шарапат Абдыкалык кызы эжесине жолугуу үчүн Кыргызстандын эл өкүлдөрүнө дагы кайрылган.

«Мен Кыргызстанга келгенде эле эжеме жолуктура аласыңарбы деп эл өкүлдөрүнө кайрылгам. Алардын жардамы менен мына минтип жолугушуп отурабыз. Эжемди көрө элегиме 40 жыл болду. Бул күнгө чейин бир көрүүгө зар элем. Памирде жалгыз сиңдим бар. Башка бир туугандарымдын, ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Ошол жалгыз сиңдим экөөбүз Памирде калганбыз. Мен бул жерге балдарымды окутууга келгем. Бул жакка эжеме жолугам деген жакшы үмүт, ишенич менен чыккам. Ыраазымын, аябай кубанып жатабыз. Жаңы көрүшкөндө кубанганыбыздан экөөбүз тең ыйлап, көзүбүзгө жаш алдык», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.

-----------------------------------------------------------------

Нарын облусундагы 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун аймагында жалпы 49 памирлик кыргыз жашап жаткан. Алардын ичинен 18 адам 4-июлда Бишкекке чыгышты, андан ары Ооганстанга сапар тартышат. Кетип жаткандардын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар.

«Памирлик кыргыздар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, алар менен жолуккан соң күзүндө кайра Кыргызстанга келип, балдары окуусун улантышат. "Памирлик кыргыздар үйүнө кетет, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок" деген маалымат туура эмес. Бул памирликтер сагынычын таратыш үчүн гана кетип жатышат. 3 айлык эс алуу бүткөндөн кийин күзүндө кайра сөзсүз кайтып келишет», - деди Ж.Ибраева.

Буга чейин этникалык кыргыздардын айрымдары нааразычылыктарын аймактык кабарчыга айтып беришкен болчу.

Нарын шаарындагы памирлик Шарапат Абдыкалык кызы Кыргызстандан төрөлгөн Алмазбектин урматына мурунку президент тарабынан берилген үйдө 3 үй-бүлө тыгылып жашап жаткандыгын билдирген.

«Биздин келгенибизге бир топ ай өттү. Кудам Абдулбаиддин үйүндө келин жана уулдарым менен бирге жашап жатабыз. Кудамдын үйүндө минтип жашоо чындыгында өтө оор болуп жатат. Памирден келерде бизге үй, жер беребиз деген эле. Качан берет деп күтсөк болгон жок. Шарт түзүп берсе калат элек, шарт түзүп бере албаса кетебиз да. Кантип кудаларымдын үйүндө уул-келиндерим менен чогуу жашайм? Бул жерде иш жасай албасак, оокат кылалы десек малыбыз Памирде калса, колубузда акчабыз болбосо кекиртегибизди эмне кылабыз? Памирде менин бир балам калды. Мамлекет үй куруп, жер бөлүп берсе, биз Памирден малыбызды сатып, кайра ушул жерге тууган-уруктарыбыз менен келип жашап калат элек. Памирден келгендердин баарын бир жерге чогуу койсо отура берет элек. Биз жакшы үмүттөр менен келгенбиз. Бул жак шүгүр экен. Памирде оорусак көп кыйналабыз, аялдар төрөгөндө кыйналат. Ошондуктан биз бир кыргызбыз, тилибиз бир, бизге күйөт деп бул жерге келген элек. Бирок баарына ырахмат. Бул жакта чоңдор деле бирде ишинен бошосо, бирде бошобой калат экен. Ушул кишилерди карап турабыз. Биздин деле жөн эле кетебиз деген жерибиз жок», - деди ал.

Ал эми памирлик Жамбы Заири кызынын айтымында, бир үйдө үч үй-бүлө жашагандыктан, өкмөт берген акчаны үнөмдөп колдонушат.

«Ушул бир үйдө үч үй-бүлө болуп, жалпы 15-16 адам жашайбыз. Өкмөт бизге акча бөлүп берген. Ал акчаны үнөмдөп колдонобуз. Ар бир балага жөлөк пул чектеп беришкен. Балдарыбызды окуталык деп келген элек. Бирок жакшы шарт болбосо окутушубуз дагы кыйын экен. Келген кишилер бир аз жер-жемиш, азык-түлүк көтөрүп келишет. Ырахмат аларга дагы. Бизге эң негизгиси ар бир үй-бүлөгө бирден орто эле үй салып берсе жакшы болмок. Кийин көнүшүп кеткенден кийин, жашоону жакшы кылып улантып кетет элек. Балдарыбыз акырындык менен билим алып, окуусун улантып кетмек. Памирден келип эле үй салып алууга шартыбыз дагы, алыбыз дагы жок.

Биздин үй-бүлөгө бир үй берген. Азыр ошол үйдө баарыбыз жашап жатабыз. Ал эми башкаларга үй берилген жок. Мындай шартта көпкө кантип жашайбыз? Эгер башка бир туугандарга дагы ушундай үй салып берип койсо, баарыбыз эле кетпей, балдарыбызды окутуп жашай берет элек. Өкмөт бизге шарт түзүп беребиз деген эле. Бирок андай болгон жок», - деди Жамбы Заири кызы.

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памиринен келген эки үй-бүлө Кыргызстандан кетүүгө ниеттенип жаткандыгын 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттеги жыйында билдирип чыккан.

«Бир нече күн мурун Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар менен жолуктум. Алар памирликтерди жылуу кабыл алып, жардам берген Нарын облусунун тургундарына ыраазычылыктарын айтышууда. Мага түшкөн маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген памирлик үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү тууралуу убада берилип, бирок ал унутулуп калган. Албетте, ал үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга алып келген жакшы, бирок өкмөт тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан улам 2 үй-бүлө кетүүгө ниеттенүүдө. Бул чоң уят», - деди ал.

Кийинчерээк Мамлекеттик миграция кызматы депутаттын билдирүүсүнө жооп кайтарган. Ведомствонун билдирүүсү боюнча, балдарын окутуу максатында келген этникалык кыргыздар Памирге жайкы эс алуу учурунда гана барышат.

Билдирүүдө: «Кыргыз өкмөтү аларды (памирлик кыргыздар) тажик-афган чек арасына чейин жеткирүү иштерин уюштурат. Бул үчүн өкмөт тарабынан тийиштүү иштер аткарылып жатат, тагыраагы Памирге барууну каалаган кыргыздардын тизмеси түзүлүп, тажик жана афган тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Этникалык кыргыздардын баары кетебиз деген жок, алардын көпчүлүгү жайкы эс алуусун Кыргызстанда өткөрүүнү көздөшөт», - деп айтылат.

Ал эми жер маселесине байланыштуу памирлик кыргыздар балдарын окутуу максатында келгенин эске алуу зарылдыгы айтылган.

-----------------------------------------------------------------

Ооганстандын Кичи Памиринен Нарын шаарына келип көз жарган 19 жаштагы Ширинбү Абдулваид кызы наристеси экөө 24-сентябрда ооруканадан чыгарылды. Ал 31-июлда Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө уул төрөгөн. Балага Нарынбек деген ысым ыйгарышкан. Ымыркай айына жетпей ара төрөлгөндүктөн уулунун ден соолугу жакшы болгуча 2 айга жакын ооруканадан чыгарылган эмес. 24-сентябрда ооруканадан чыккан келини Ширинбүнү менен небереси Нарынбекти чоң энеси Шарапат апа жана таята, таенелери өздөрүнүн ырымдарын жасап, ун чачып тосуп алышты.

«Биз абдан сүйүнүп жатабыз. Келинибиз, неберебизди үйгө чыгарып келишти. Ден соолуктары абдан жакшы экен. Ооруканада иштегендерге рахмат айтам. Келинимдин дагы ден соолугун жакшы карашыптыр. Баланын таенеси Жамбы кудагыйым, таятасы Абдулваид дагы кубанып жатышат. Биз өз ырымыбызды жасап тосуп алдык. Келген кишилердин баарына ырымдап, улпак (ун) чачып тосуп алдык», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.

Ширинбүнү үйүнө өкмөттүн Нарын облусунун ыйгарым уктуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Кадырова жана башкалар атайын белектерин берип чыгарып келишти. Баланын таятасы Абдулваид Жээнбек уулу бийлик өкүлдөрүнө, жалпы дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүнкү келгендерге ыраазычылык билдирем. Аманбай Кайыпов, Жаркын эжелер белекке бешик беришти. Салтанат эжелер жууркандарын алып беришти. Ошондой эле кызыбыз менен неберебизди жакшы карап, төрөтүп, дарылап берген жалпы дарыгерлерге рахматыбызды айтып кетебиз. Неберем Нарынбектин да, кызым Ширинбүнүн дагы абалы абдан жакшы»,- деди ал.

Ширинбү айым жолдошу Фазилхак Абубакир уулу экөө 2017-жылдын август айында баш кошушкан. Ошол жылдын октябрь айында Улуу жана Кичи Памирдеги туугандары менен биргеликте Кыргызстанга билим алууга келишкен. Алардын биринчи баласы Нарынбек Нарындан төрөлдү.

Фазилхак Абубакир уулу памирлик кыргыздардын азыркы ханы ажы Буту хандын тууганы.

-----------------------------------------------------------------

Жакында эле Нарын облусуна Ооганстандын Кичи Памиринен балдарын окутуу максатында бир үй-бүлө Нарын облусуна келди.

Маалым болгондой, бул үй-бүлө Кыргызстанга 4 баласы менен келип, Ат-Башы районунун Чар кыштоосуна жайгаштырылды. Ал эми эки баласы мектеп жашында болгондуктан, алар академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук мектеп жатак-лицейине жайгаштырылган.

Учурда аталган үй-бүлө эки баласы менен Чар кыштоосундагы жергиликтүү тургундун үйүндө жашап, мал багып иштеп жатышат. Алар алгач 6 000 сом эмгек акы алышкан. Ошондой эле алар Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан отун-суу, тамак-аш менен камсыз болуп, балдарына жөлөк пул чектелди.

-----------------------------------------------------------------

Нарын шаарында жашап жатышкан памирлик кыргыздардын балдары ырларды жаттап, ырдашууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга памирлик кыргыз Абубакир уулу Фазилкак билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын балдары мектептен ар кандай ырларды үйрөнүшүүдө.

«Нарындын РТС аймагында жашайм. Памирлик кыргыздар бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө конокко барып, катышып турабыз. Жакынкы күндөрдө эле Памирден келгендерди конокко чакырдым. Алардын балдары дагы келишкен. Мектептен жаттаган ырларын унутуп калбоосу үчүн баарын ырдатып, видеого тартып алдым. Видеого ырдап берген балдар — Нажибулла, Кайрылниса, Парвина, Апизилла, Асып жана Мусадык», - деди Абубакир уулу Фазилкак.

«Комузчу» ырын аткарышууда

Нарын шаарынын гимнин аткарышууда

Ак терек, көк терек оюнун ойноп жатышат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×