Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 22.12.2018 11:46 На русском

Сүрөт: Чоң эне менен 4 жаштагы небересин зордуктап, үйүн өрттөп кетишти. Жумгалдагы мыкаачылык

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунда өзгөчө оор кылмыш жасалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кечээ, 21-декабрда Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү Көк-Ой айылындагы турак үй өрттөнүп, адамдар каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Нарын ОИИБ менен Жумгал РИИБдин кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи табылды.

Алгач өрттөнгөн үйдүн 47 жаштагы жашоочусу Эрмекгүлдүн (ысымы өзгөртүлдү) жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдөн табылган. Ал эми башка бөлмөдөн эки кичинекей баланын денеси табылды. Кийинчерээк ал балдар маркум аялдын неберелери — төрт жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) жана 7 жаштагы Ильяз (ысымы өзгөртүлдү) экени такталган.

Расмий маалымат боюнча, алгачкы кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы Эрмекгүл (ысымы өзгөртүлдү) менен 4 жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) зордукталганы аныкталган. Ал эми 7 жаштагы балага күч колдонуп, муунтуп өлтүрүшкөн. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери ыкчам жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү берене менен кылмыш иш да козголгон. Көп узабай шектүү — 29 жаштагы жергиликтүү тургун (эркек киши) кармалып, сурак берип жатканы маалым болду.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү боюнча, 20-декабрда саат 21:00дөн тарта 23:00гө чейин маркум менен бирге анын үйүндө спирт ичимдигин ичишкен. Эрмекгүл уктап калганда башка бөлмөдөн уйкудан ойгонуп чыккан 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Анын жанында уктап жаткан 7 жаштагы бала ойгонуп кеткенде алгач колу менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн айткан.

Андан кийин башка бөлмөдөгү Эрмекгүлдү муунтуп өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында мештеги чоктон бөлмөгө чачкандан кийин качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×