Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Нарын облусуКочкор району 21.12.2018 15:33 На русском

Сүрөт — Кочкордо атылган тоо жаныбарларын жана мылтык алып бараткан «Мицубиси Паджеро» токтотулду

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн унаа жолунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Инспекциянын Жумгал-Кочкор району боюнча башкы инспектору Рысбек Суранчиев билдиргендей, мыйзамсыз мергенчилик кылууга бөгөт коюу максатында атайын адистер рейдге чыгышкан. Кечээ, 20-декабрда саат 17:00дө Кара-Кужур өрөөнүнүн унаа жолунда «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичинен 1 ок атуучу курал (Вепрь автоматы) жана тоо эчкинин 2 тушу, 1 карышкыр, 1 топоздун эти чыккан.

Шектүүлөр Кочкор РИИБдин тергөө бөлүмүнө тапшырылган.

«Унаада негизинен 3-4 адам болгон. Анын бири Нарын районунун Калинин айылынын жашоочусу. Ал "мен алып бара жатка" деп моюнга алууда», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.24% (390)
«РСК Банк»
35.61% (354)
«Капитал Банк»
8.95% (89)
...
Всего голосов: 994
×