Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Нарын облусуКочкор району 20.12.2018 16:40

Кочкордогу жол кырсыктан мерт кеткен жубайлар Ак-Талаанын тургундары болгон

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда кечээ, 19-декабрь күнү болгон жол кырсыктан каза болгон адамдар Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары болушкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 19-декабрда кечки саат 19:50дө Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 239-чакырымда «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа «КамАЗ» унаанын артын сүзүп, кирип кеткен. «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 1949-жылы туулган тургуну А.К., анын 1952-жылы туулган жубайы О.Ж. кырсык болгон жерде кайтыш болушкан. Ал эми жүргүнчү — Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын 1970-жылы туулган тургуну А.К. жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган кырсык Кочкор РИИБге каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, ӨКМ кечээ, 19-декабрда Кочкор районунун Кочкор айылында «Ауди» менен «КамАЗ» кагышып, 2 адам мерт кеткендиги тууралуу кабарланган эле.

Маалыматка караганда, кырсык саат 19:42 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында (Кочкор айылы) болгон. Кырсыктын кесепетинен «Ауди» унаасындагы 2 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылган. Алар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, «Аудиде» 2 аял, анан айдоочу эркек адам келе жаткан. Алар жол тайгакта алдынан чыга калган унаадан качып көмүр жүктөп келе жаткан «КамАЗдын» аркасынан келип урунган. Анын кесепетинен «Аудинин» алды жагында отуруп келе жаткан эркек менен аял каза болгон. Аркада отуруп келе жаткан аял да оор жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин комага түшүп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.24% (390)
«РСК Банк»
35.61% (354)
«Капитал Банк»
8.95% (89)
...
Всего голосов: 994
×