Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Нарын облусуКочкор району 20.12.2018 10:37

Кочкордо «Ауди» менен «КамАЗ» кагышып, 2 адам мерт кетти

Turmush -  Кечээ, 19-декабрда Кочкор районунун Кочкор айылында «Ауди» менен «КамАЗ» кагышып, 2 адам мерт кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 19:42 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында (Кочкор айылы) болгон. Кырсыктын кесепетинен «Ауди» унаасындагы 2 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылган. Алар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Ал өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, «Аудиде» 2 аял, анан айдоочу эркек адам келе жаткан. Алар жол тайгакта алдынан чыга калган унаадан качып көмүр жүктөп келе жаткан «КамАЗдын» аркасынан келип урунган. Анын кесепетинен «Аудинин» алды жагында отуруп келе жаткан эркек менен аял каза болгон. Аркада отуруп келе жаткан аял да оор жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин комага түшүп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.24% (390)
«РСК Банк»
35.61% (354)
«Капитал Банк»
8.95% (89)
...
Всего голосов: 994
×