Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 19.12.2018 18:45 На русском

Видео: Акимдин орун басары унаа менен сүзүп өлтүргөн ветеринардын артында жубайы, 2 баласы калды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 10-декабрда саат 18:30 чамасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган.

Нарын ОИИБдин маалыматы боюнча, Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Б.Ж. «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкарып баратып, Көк-Ой айылынын чыга беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качканда Көк-Ой айылынын ветеринардык адиси Жумабек Кармышовду сүзүп алган. Ал райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза тапкан.

Жумабек Кармышовдун бир тууган иниси Артелбек Кармышов кырсык айттырбай келерин, ага эч кимди күнөөлөбөй турганын билдирди. Бирок айыл ичиндеги жолдорго ылдамдыкты азайтуучу өтмөктөрдү коюу керектигин белгиледи.

«Башка облус-шаарлардын кире беришинде, айылдарында ылдамдыкты азайтуучу өтмөк бар. Бизде жол чырактары, жол белгилери да жок. Болгону аялдама менен жөө адамдардын өтмөгү бар. Агам Көк-Ой айылында ветеринар болуп союз убагынан бери иштеп келген. Бул эми кырсык болуп калды, кырсык айттырбай келет экен. Биз кырсыкка күнөөлүү адамды кестиргибиз келген жок. Акимдин орун басары менен тууган, куда сөөк экенбиз, шариат жолу менен чечиштик. Агам Жумабек 59 жаш деп коюлду», - деди А.Кармышов.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар бул айылды аралап өтчү Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолу абдан тар салынганын билдиришти. Алар белгилегендей, альтернативдик жол айылдын төмөн жагында 2 тилке менен асфальтталса, кырсык болгон тарапта бир эле тилке бар. Комиссия келип текшерип, кайрадан эки тилке кылып кеңейтиле турганын айтышкан.

«Жолдо ат жетелеп келе жатыптыр. Алдынан жылкылар чыгып калып, байкемди сүзүп алыптыр. Көпүрөнүн башы, мурда ушул бурулуштан да жол кырсыгы болуп, чырактай жаш баланын өмүрү кыйылган. Ал кырсык жолдун оң жак бетинде болсо, бул кырсык сол жак бетинде болуп жатат. Агамдын 2 баласы бар болчу. Ал эч кимге жамандыгы жок жакшы киши эле. Элдин баарына жардам берчү, колунан келгенин айттырбай эле аткарчу. Жетекчилер ушул жерде эле жүрүшөт, моюндарына алып жатышат», - деди А.Кармышов.

Кырсыкка учураган автоунаа райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү. Ал унаанын ичинде ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы У.А. да болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×