Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 19.12.2018 18:06 На русском

Сүрөт — Нарын суусунун жээгинен шаардык аялдын жансыз денеси табылды

Turmush -  Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын суусунун жээгинен 55-60 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 15-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Нарын шаарынын 64 аймагындагы жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн күн чыгышында – Нарын суусунун түштүк тарабында жайгашкан жардын түбүнөн азиат түспөлүндөгү аял кишинин жансыз денеси көмкөрөсүнөн жаткан абалда табылган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Нарын ШИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле маркум Нарын шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×