Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 18.12.2018 16:43 На русском

Кочкордо унаа кырсыктан «Жигулинин» айдоочусунун буту сынып, башы жарылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Саз айыл аймагында эки унаа кагышып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалым болгондой, 15-декабрда Кочкор районунда «Субару-Форестер» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып, артында чиркегичи бар «Жигули» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен «Жигули» унаасынын айдоочусунун буту сынып, башы жарылып, ооруканага түшкөн. «Жигулиде» айдоочунун 4 жаштагы баласы дагы болгон. Унаа картошка жүктөп бара жаткан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×