Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуЖумгал району 18.12.2018 08:03 На русском

Жумгалда «Мазда» менен кагышкан «Хонда» бакты сүзүп, айдоочу оор абалда ооруканага түштү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 17-декабрда саат 18:30 чамасында Жумгал районунун Чаек айылында эки унаа кагышып, айдоочулардын бири оор абалда ооруканага түштү. Жол кырсык «Соң-Көл» кинотеатрынын аймагында катталганын Жумгал РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Э.Мамытов көчөсүнөн батышты көздөй бара жаткан «Мазда Атенза» үлгүсүндөгү унааны ушул эле багыт менен бараткан «Хонда Аккорд» сүзгөн. Анын кесепетинен «Хонда» 76 метрге чейин сүрүлүп барып, жолдун түштүк тарабындагы бакты оң капталы менен сүзүп токтогон. «Мазда Атензаны» Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Э.Р., ал эми экинчи унааны Чаек айылынын 1967-жылы төрөлгөн тургуну М.О. башкарып бара жаткан.

Кырсыктан жаракат алган айдоочу, тактап айтканда М.О. оор абалда Жумгал аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Учурда бул жол кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×