Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2018 10:22

Ат-Башыдагы шайыр апалар Россияга барууга даярданышууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында «Арууке» апалар тобу 2008-жылдан бери ырдап келишет. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

«Арууке» апалар тобу 2008-жылы кыргыз тилин, улуттук каада-салтты өнүктүрүү жана жайылтуу максатында түзүлгөн. Алар облустагы жана райондогу маданий иш-чараларга жигердүү катышышат. 2016-жылы композитор, белгилүү диктор Ж.Кайыповдун 70 жылдык мааракесинде баш байгени жеңишип, 2016-2017-жылдары «Шайыр апалар» республикалык телефестивалынын лауреаты болушкан. Ал эми 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү элдердин бүткүл дүйнөлүк биринчи фестивалында 1-орунду багындырып, Түркия өлкөсүнүн Синоп шаарынын 150 жылдык майрамына катышышкан. Топтун аталышы «Манас» эпосундагы Алмамбет баатырдын жубайы Аруукенин ысымынан коюлган.

«Биздин команда бир топ ийгиликтерди багындырдык десек болот. Ага жетүү аябай көп эмгекти талап кылат. Ал үчүн токтоолук, туруктуулук, кайраттуулук керек. Кайраттанбасаң эч нерсе чыкпайт. Башында топто 17 мүчө болсо, азыр туруктуу тогуз адам калдык.

Учурда Россияга барып келсекпи деген ой жаралып жатат. Ошого даярданып жатабыз. Репертуарыбызда өзүбүздүн жашыбызга жараша ырлар бар. Балдарыбызды, урпактарыбызды патриоттуулукка үндөө үчүн мекен тууралуу ырларды аткарабыз. Бизде сүйүү жөнүндөгү ырлар жок. Анткени биздин байбичелердин сүйүүсү жаш кезинде күйөөсүнө, андан кийин балдарына, небере, чөбөрөлөрүнө өтүп кетпедиби. Биз сүйүүнү ырдабай, мекендибизди, элибизди, Ат-Башыбызды даңктап ырдайбыз», - деп билдиришти элеттик шайыр апалар.

Алар сахнага чыгарда бири-биринин кийимдерин алмаштырып кийип алган учурлары көп болот.

«Биз сахнага чыгарда айлабызды таппай, жүрөгүбүз дүкүлдөп калат. Артисттин баары эле ушундай сезимдерге ээ болсо керек. Мындан улам кийимибизди таппай, кимдин колуна кайсы кийим тийсе ошону кийип алган учурлар болот. Жалпы 5 формабыз бар.

Топтун “Арууке” деп аталып калганынын себеби — Кошой-Коргондо Алмамбеттин сөөгү жатат, анын аялынын ысымы — Арууке. Бул Каныкейдин сиңдиси. Ошонун атынан койгонбуз», - деди «Арууке» апалар тобунун башчысы Фатима Шадыбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×