Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 06.01.2019 13:23

Айыл турмушу: Эркин күрөш боюнча спорт чебери Б.Токтобаевдин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  28 жаштагы Бекжан Токтобаев 1994-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Эки агасы, 2 эжеси бар. Ал айылдагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектепти 9-класска чейин окуп бүтүргөн соң, Бишкектеги Автожол техникумуна тапшырып, окуусун аяктаган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик академиясынын укук жана ишкердүүлүк факультетине тапшырып, учурда акыркы курсту окуп жатат.

Бала кезден спортко жакын болгон Бекжан эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретүүдө. 2015-жылы эркин күрөш боюнча Валерий Жапаралиев атындагы эл аралык турнирде 1-орунду алып, спорт чебери болсо, 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунду камсыздаган. Ал эми 2018-жылы Азербайжан өлкөсүнүн Баку шаарында өткөн универсиада 3-орунду камсыздаган. Ошондой эле, жакында эле өткөн Тажикстандын Душанбе шаарында президенттин кубогуна арналган мелдеште 74 кг салмакта ийгилик жаратып келген.

Учурда бойдок. Машыктыруучусу Кеңешбек Халмурзаев. Бекжан учурда окуу жана спорт менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×