Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Нарын облусуЖумгал району 15.12.2018 10:33 На русском

«Алла үчүн кечирдик»: Волейболдо каза болгон Темирландын үй-бүлөсү маркум тууралуу айтып берди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында волейбол оюнунан чыккан чырдан улам каза болгон окуучунун ата-энесине аймактык кабарчы жолукту.

Маркум Темирландын апасы Дамира Сарбанова уулунун боорукерлигин, ак көңүл жана өзүн тыкан, таза алып жүргөндүгүн айтып эскерди.

«Эне деген эне. Ал баласы үчүн эмнелерди гана кылбайт. Уулум 5 бир тууган болчу, 2 кыз, 3 эркек. Жаным ачышып турат. Бир жамандыгы жок эле. Эшикке чыкса убагында келчү. Акча керек болсо бир туугандарынан сурай албай, "апа сурап берип тура аласызбы" дечү эле. Мен аларды Алла үчүн гана кечирдим, балам түбөлүк жайында тынч жатсын деп кечирдим. Уулумду урган балдар да менин балам менен тең экен. Алардын тагдырына биз да кейип отурабыз», - деди ал.

Темирландын чоң апасы (атасынын эжеси) Дамира Кыдыралиева бул окуя эки айылдын элин касташтырып, балдардын тагдырына балта чабылбаса экен деп кейип отурат.

«Алар да жаш балдар, алардын келечеги эмне болот? Балдардын тагдырына биз да кейип отурабыз. Темирланды сабаган балдардын ата-энелери үч күндөн бери келип жатышат. Бир жерден суу ичип, кыз алышкан элбиз. Бир уруубуз. Эки айылды бөлгөн ортодо бир гана көпүрөдөгү суу турат. Аркы өйүз, берки өйүз болуп касташкан да болбойт го», - деди ал.

Маркумдун атасы Бердибек Кыдыралиев: «Болор иш болду. Баламдын оозунан эне сүтү кете элек эле. Урган балдар деле тең балдар экен. Аларды деле кечирдим. Балдарды каматып кыйнабай эле коюшса. Биз шарият жолу менен чечтик. Темикем эң кичүү балам, сүйкүмдүү, боорукер эле. Айтаарым ошол, суракта жаткан балдарды кыйнабай чыгарышса», - деди.

Ал эми Темирландын агасы Кайрат Бердибек уулу буларга токтолду: «Инимдин такыр жаман жагы жок болчу. Бул ишти шарият аркылуу чечтик. Иним кабырында тынч жатсын, түбөлүктүү жашоосунда кыйналбасын дедик. Ургандар деле иним менен тең, жапжаш балдар экен. Айтарым, спорт залды көзөмөлгө алып, ата-энелер балдарына жакшы тарбия беришсе».

Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында волейбол оюнунан чыккан чырдан улам каза болгон окуучунун өлүмүнө шектелип эки окуучу бала кармалганын Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген эле. Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган эки окуучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалым болгондой, 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Жумгал райондук тез жардам кызматынын кызматкери тарабынан Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан спорт ордосунун сыртында бир бала эс-учун билбей жаткандыгы кабарланган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда спорт ордонун ичинин түштүк-батыш тарабында Жумгал районунун Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектебинин 8-классынын окуучусу — 2004-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу баланын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

«Бул факты боюнча териштирүү иштеринин жүрүшүндө айрым фактылар аныкталган. 9-декабрда саат 19:30 чамасында Жумгал районунун "Ынтымак" спорт ордосунда Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин жана Беш-Терек айылындагы мектептин 8-класстарынын окуучулары волейбол ойноп жатышып, ортодо пикир келишпестиктер жаралган. Анын кесепетинен эки айылдын балдарынын ортосунда уруш чыгып, мушташып кетишкен. Ал жерден 2004-жылы туулган Б.уулу Т. ээсин жоготуп, окуя болгон жерден каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн 5-9-пункттарынын жана 4-бөлүмүнүн негизинде (саламаттыкка адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максаттарда атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген кылмыштын белгилери) кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.24% (390)
«РСК Банк»
35.61% (354)
«Капитал Банк»
8.95% (89)
...
Всего голосов: 994
×