Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусу, Нарын 14.12.2018 11:21 Жаңыланды: 14.12.2018 14:55

Күйөөсүн бычактап өлтүргөн кош бойлуу аял... Погончон айым — эгиздин түгөйү Г.Жунушбаеванын тажрыйбасы

Turmush -  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында иштеген Гулиза Жунушбаева татаал кесипти тандаганына эч качан өкүнбөйт. Погончон айым жашоосу, жумуш учурундагы окуялар тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Гулиза Жунушбаева 1989-жылы 10-февралда Нарын шаарында төрөлгөн. Беш бир туугандын кичүүсү, эгиздин түгөйү. Ал мектепти аяктагандан кийин, тактап айтканда 2005-жылы Нарын педагогикалык колледжинде окуп баштаган. Андан кийин Бишкек шаарындагы ИИМдин генерал-майор Э.А.Алиев атындагы Академиясында билим алган. 2016-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматына кирген. Погончон айым 1 уулдун апасы.

«Биз коомдук тартипти көзөмөлдөп, карайбыз. Күн сайын чуркап, залда машыгып турабыз. Алгач жумушка көнө албай жүрдүм. Кесиптештерибиз көчөдөн мас адамдарды кармап келсе жаман болуп, бошотуп жиберишпейби деп ойлочумун. Бир айдай жаман болуп жүрүп, көнүп кеттим. Кесиптештерим "боор ооруп коё берип жиберсек, мас болуп өлүп калсачы? Андан көрө биз кармап кетип, жылуу-жумшак жайга алып барганыбыз жакшы" деп калышчу», - деди ал.

Погончон айым күйөөсүн бычактап өлтүргөн кош бойлуу аял тууралуу айтып берди.

«Бул окуя Жумгал районунда болгон. Күйөөсү аялына күн көрсөтпөй сабап, анын кош бойлуу экенине карабай арак иччү экен. Аял 9 айлык боюнда барда жолдошу менен кайын эжесинин үйүнө конокко барыптыр. Ал жерден күйөөсү арак ичип алып, үйлөрүнө кайтышкан экен. Алар менен чогуу кайын эжеси да келиптир. Мас болгон адам эжесинин сөзүн укпай, үйүндө жаңжал чыгарыптыр. Эжеси үйүнө кеткенден кийин ал аялына кол салып, сөгүп баштаганда кош бойлуу келиндин жини келип, күйөөсүнүн артына бычак сайган экен. Ал "мени, баламды өлтүрүп салбасын деп бычак сайдым" деп көрсөтмө берген. Күйөөсүнүн далы жагына 3-4 жолу бычак сайыптыр. Ал кансырап жатып калганда кошунасы келип калыптыр. Аялынан эмне болгонун сураса окуя тууралуу айтып берген эмес. Кошунасы мас кишинин каза болгонун билгенден кийин келин "кайын эжем жүргөн, ал учурда мен эшикте болчумун, балким экөө урушуп кеткендир" дептир. Кылмышты кайын эжесине оодарууга аракет кылган окшойт. Ал келин 2 күндөн кийин көз жарды. Андан кийин бизди чакырып, сот болгончо 15 күндөй аны кайтарганбыз. Көз карашы жаман болчу, бизге кол салбайбы деп корккон элек. Ал кылмыш жасаганына өкүнгөн эмес. Бирок сот отурумунда күйөөсүн өлтүргөнүн мойнуна алган болчу. Ал үй камагына алынган», - деди ал.

Гулиза Жунушбаева жумушун экинчи үйү деп эсептейт. Анын уулу да милиция кызматкери болууну кыялданат.

«Уулум милиция кызматкери болгусу келет. Мен буга каршы эмесмин. Өзүм жумуштан тышкары сүрөт тартам. Ошондой эле чачтарач боюнча сертификатым бар, үйдөгүлөрдүн чачын кыркып берип турам. Милиция айым тыкан болуп, форманы, жумушту сыйлап, кесибин сыймыктануу менен алып кетиши керек. Бул кызматта иштеген айым психолог болушу керек. Эң башкысы билим жана жоопкерчилик талап кылынат», - дейт погончон айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×