Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 06.01.2019 14:21

Тарых инсаны: Лирик акын Боогачынын доор карыткан «Үкөйү» жана патефону (сүрөт)

Turmush -  Боогачы Жакыпбек уулу тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. Аймактык кабарчы Боогачынын өмүр таржымалын тактоо максатында, анын небереси Сапарбек Боогачиев менен таанышты.

Арген үндүү ырчы, лирик акын 1866-жылы кыш айларында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жакыпбек уулунун атын калк бийлеген, кадырлуу карыя Карачага койдурган. Боогачынын атасы Жакыпбек моңолдор уруусун башын бириктирген сөзмөр, уюштургуч, элге кадыр-барктуу адам болгон экен. Боогачы да атасындай болуп жайдары мүнөздүү, орду менен басып турган жигит болуп чоңоет. Жаш баланын ырга, күүгө шыктуу болуп чоңоюшуна эжеси Туяна себепчи болгон экен. Боогачы тогуз жашында энеси Таштанбүбүдөн, он жашында атасы Жакыпбектен ажырайт. Мына ошондо он жаштагы тестиер бала армандуу ырын обон менен ырдап, ыр чыгарууну баштаган. Боогачы атасы Жакыпбектин ишенимдүү адамы Сасык менен калып, эл-жер тааныйт. Жигиттик куракка жеткенде Нарын районундагы Дөбөлү айылындагы кыз берген чоң тойго капилеттен барып калып, Уулканды кезиктирет. Мына ошондон ашыктык сезимдер башталып, Уулкандын атын жашырып «Үкөйүм» деп ырдап чыгат. Бирок Үкөйдү Боогачы аялдыкка алган эмес дешет. Боогачынын ырлары махабат темасына арналган. Сынчылар Боогачыны «40 жашка чыкканда эл оозуна алынып, элге таанылат» деп сындашкан.

1915-жылы Боогачы Ак-Муз айылына кокустан эле болуш болуп шайланган экен. Бир жылга жетпеген убакытта эл үркүп, Кытайга кетет. Бул убакта болуш Боогачы эл көргөн күндү көрөт. Жаңы заман орноду деп кыргыз Кытайдан келе баштаганда Боогачы жабыр тарткандарга алгачкылардан болуп жардам берүүнү демилгелеген экен. Дүйшөналы Калдыбай уулу деген молдону Караколдон алып келип, өзүнүн эки бөлмөлүү үйүндө айыл элинин кат сабатын жойгон.

1920-1921-жылдары Ак-Муз айылынын тургундары өз күчтөрү менен 7-8 бөлмөлүү мектеп куруп, айыл эли жабыла иштешет. Андан соң, алар арифметика, география, тарых сабактарын Боогачынын өтүнүчү менен окуй башташкан.

Боогачынын болуш болгонун көрө албагандар 1925-жылы «көп аял алды, болуш болуп туруп, элди эзди» деген күнөө коюп, Оренбурга сүргүнгө айдатат. Бала көрбөй жүрүп көргөн баласы биринчи баласы Ийгилик.

Аялы Бүбү (Асел деп да айтышат) Ак-Муздан Оренбургга Боогачы менен учурушканы жана курсагындагы баласын ырчынын жанынан төрөйүн деп барат. Аялы эркек төрөп, Орунбор деген ысым ыйгарат. Боогачы сүргүндөн 1932-жылы келет. Бирок орус өкмөтүнүн буйругунанбы же эмне себептен экени белгисиз Ак-Муз айылына келүүгө уруксат берилбептир.

1935-жылы 5-майда залкар обончу, ырчы Боогачы Жакыпбек уулу дүйнөдөн өтүп, сөөгү өз айылына эмес, Нарын районунун Дөбөлү айылына коюлган экен. Боогачынын ырларын ак-талаалык Муса Баетов ырдап чыккан дешсе, айрымдары экөөнүн обондору окшош деген пикирлерди айтышат.

1990-жылдары Боогачынын аты Ак-Муз айылындагы орто мектепке ыйгарылган. Ал эми Уулкан боюнча талаш кептер бар. Ал Боогачыга күйөөгө тийген эмес. Ак-Муз айылындагы Оторбай аттуу адамга токол болуп тийип, кийин Ак-Моюн айылындагы тургунга күйөөгө тийген дешет. Азыркы күндө Боогачынын колдонгон патефону Ак-Муз айылындагы мектептин китепканасында сакталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×