Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 06.01.2019 15:21

Жаш талант: Бир нече сынактардын жеңүүчүсү — ырчы Нуржигит айылдык китепканадагы китептерди жатка билет (сүрөт)

Turmush -  Кичинесинен ырдап, сынактарга байма-бай катышып келе жаткан ат-башылык Нуржигит чоңойгондо көп сыйлыктын ээси болгусу келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуржигит Алымбек уулу Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында жашайт. Ал ошол эле айылдагы мектепте 6-класста окуйт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

«Мен буга чейин сынактарга барып грамота, дипломдорду алып келгем. "Жаш таланттарга" жана Ат-Башыда өткөн "Кыргыз күүсү” деген сынакка катышып, 2-орунду алгам. Мындан сырткары башка да кароо-сынактарга катышып жүрөм. Келечекте белгилүү ырчы, көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп, Кыргызстандын желегин желбиретким келет. Мага Нурлан Насип, Нурмат Садыров жагат.

Жандуу үн менен ырдаганды жакшы көрөм жана баалайм. Кичинекей кезимден бери китеп окуганды жакшы көрөм, ошондуктан китепканага көп барам. Кайсы текчеде кандай китеп бар экендигин билем. Ырдагандан сырткары баскетбол ойном», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×