Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 11.12.2018 12:17 На русском

Айыл турмушу: 34 жаштагы Н.Бейшеев эмерек жасап, айылдаштарына кызмат көрсөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын 34 жаштагы тургуну Нурлан Бейшеев инилери менен бирге айылдаштарына эмерек жасап, 8 жылдан бери элге кызмат көрсөтүүдө. Нурлан Бейшеевдин жасаган эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Окуучу кезимде сүрөттү жакшы тартчумун. Кол эмгек сабагында темирден, жыгачтан ар кандай буюмдарды жасап, кызыгуум улам арта баштады. Ал убакта азыркыдай эмеректин түрлөрү жок болчу. Окуучу кезимде улагач (прихожая) жасап көрдүм. Кийин студент болгондо устачылык өнөрүмдү таштап койдум. Ал кезде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн буюм-тайымдары, мебелдери жаңыдан жасалып, сатыкка чыга баштаган. Иним "эмерек жасоонун ыкмаларын үйрөнүп алып, өзүбүзчө иш баштайлы" деп айтып жүрдү. Эки иним да устачылыкты үйрөндү. Ошентип, алган билимим менен эмес, устачылык менен нан таап баштадым», - деди Нурлан Бейшеев.

Анын айтымында, эң биринчи жыгачтан жасаган эмгеги кийим сала турган сурма болгон.

«Эки иним болуп күндүз жыгачтан эмерек жасаган цехте иштеп, кечкисин үйүмө атайын буйрутма алып иштейм. Үйдөн иштегенде инилерим жардам берет. 10 жылдан бери устачылык менен иштеп келе жатам. Ар кандай кардарлар менен иштешип көрдүм. Ар бир кардардын табити ар башка. Айрымдары буйрутма беришип, жасалып бүткөндөн кийин "башкача кылалы" же "мен ойлогондон да сонун болуптур" дешет. Ар бир кардардын тилин таап иштешибиз зарыл. Кардарды өзүбүзгө тартуу үчүн жаңылык киргизип да турушубуз керек. Жасаган эмеректердин бааларын айыл элинин чөнтөгүнө тууралап коёбуз. Негизи баа материалдын кымбат же арзанына жараша болот. Инилерим менен бирдикте эмерек жасоочу цех ачуу планыбызда бар», - деп билдирди.

Нурлан Бейшеев Кочкор районунун Теңдик айылында 1984-жылы туулган. Кесиби токой чарба адиси. 1 кыз жана 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×