Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 11.12.2018 10:32

Ат-Башыдагы окуучулар Чыңгыз Айтматовду даңазалашты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары Чыңгыз Айтматовду даңазалаган адабий кече уюштурушту. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Замира Нурдинова билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз ааламы — Чыңгыз ааламы» аталышындагы иш-чарага мектептин 11-классынын окуучулары катышты. Алар улуу жазуучуну даңазалап, чыгармаларынан үзүндү аткарып, дүйнө залкарларынын Ч.Айтматовго карата айтылган уюткулуу сөздөрүн айтып беришти. Мындан сырткары сахнанын жасалгасына өзгөчө көңүл бурулган.

«Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий кече уюштурдук. Кечеде "Энелердин арманы" деген темада ар бир чыгармаларынан үзүндү аткарылды. Көркөм окуулар жана чыгармаларга арналган ырлар ырдалды. Залкар жазуучуну даңазалоо башкы максатыбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×