Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2018 09:25 На русском

Жумгалдагы волейболдо чыккан чырдан каза болгон окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында волейбол оюнунан чыккан чырдан улам каза болгон окуучу боюнча Жумгал РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Жумгал райондук тез жардам кызматынын кызматкери тарабынан Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан спорт ордосунун сыртында бир бала эс-учун билбей жаткандыгы кабарланган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда спорт ордонун ичинин түштүк-батыш тарабында Жумгал районунун Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектебинин 8-классынын окуучусу — 2004-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу баланын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

«Бул факты боюнча териштирүү иштеринин жүрүшүндө айрым фактылар аныкталган. 9-декабрда саат 19:30 чамасында Жумгал районунун "Ынтымак" спорт ордосунда Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин жана Беш-Терек айылындагы мектептин 8-класстарынын окуучулары волейбол ойноп жатышып, ортодо пикир келишпестиктер жаралган. Анын кесепетинен эки айылдын балдарынын ортосунда уруш чыгып, мушташып кетишкен. Ал жерден 2004-жылы туулган Б.уулу Т. ээсин жоготуп, окуя болгон жерден каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн 5-9-пункттарынын жана 4-бөлүмүнүн негизинде (саламаттыкка адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максаттарда атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген кылмыштын белгилери) кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тема боюнча: Өлүм менен аяктаган волейбол: Жумгалдагы мушташтан 8-класстын окуучусу каза тапты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×