Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 10.12.2018 12:46 На русском

Айыл турмушу: Ушу-саньда боюнча элеттик жаштарды машыктырган Туратбек 19 жашында спорт чебери болгон (сүрөт)

Turmush -  Туратбек Сулайманкул уулу 2017-жылдан бери ушу-саньда, эр таймаш боюнча Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы жаштарды машыктырып келет. Ал 1990-жылы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдагы жаштарды спортко, сергек жашоого үндөгөн эл аралык класстагы спорт чебери, алтын жана күмүш медалдардын ээси Туратбек Сулайманкул уулу менен аймактык кабарчы таанышты.

«13 жашымдан спортко болгон кызыгуум артып, атайын залдарга барып машыга баштадым. Келечекке чоң максат коюп, спорттун ушу-саньда, эр таймаш багытын тандадым. Болгон көңүлүмдү, дитимди спортко коюп, 19 жашымда спорт чебери боло алдым. Бул мага дагы өсүүгө чоң стимул болду. Өзүм спортко аралашкандан кийин айылымдагы жаштарды спортко тартуу, аларды спорт аренасына алып чыгууну кыялданчумун. Ошол кыялдарым эми ишке ашып, 2017-жылдын март айынан тартып Ак-Муз айылындагы спорт залда машыктыруучу болуп эмгектене баштадым», - дейт Туратбек Сулайманкул уулу.

Ал 2016-жылы Тажикстанда өткөн спартакиадага олимпиадалык эмес оюндардын түрлөрү боюнча катышып, алтын медалга ээ болгон. Ал эми 2017-жылы IV Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынып келген. Мындан сырткары Кыргызстанда өткөн оюндарда да ондон ашык алтын медалдарды тагынды.

«27 жашымда эл аралык класстагы спорт чебери боло алдым. Спортко кызыккан жаштар көбөйүп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Спорт – бул ден соолук. Дени сак жашоо. Дени сак мамлекет. Түнкүсүн көчөлөп жүргөн жаш балдар, окуучулар залга келип, спорт шаймандарын кызыгып карап, бири-бирин көрүп, атаандашуу сезимдери менен спортко аралашып башташты. Азыр 50гө чукул бала залга дайыма келип машыгышат. Ушул жылдын май айында ушу-саньда боюнча Кыргыз Республикасынын кубогун өткөрүүгө жетиштик. Эки жылдан берки машыккан балдардын көрсөткүчү жакшы. Жылдык эсеп менен 80ге жакын ар кандай медаль алдык. Спорт залда керектүү шаймандардын бардыгы бар. Жакынкы убактарда Ак-Муз айылына спорт комплексин куруу пландалууда. Өз кесибим болгондуктан жумушумдун оорчулугу жок», - деп кошумчалады ал.

Туратбек Сулайманкул уулу үй-бүлөдө 8 бир тууган. 1 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×