Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 10.12.2018 11:42 На русском

Өлүм менен аяктаган волейбол: Жумгалдагы мушташтан 8-класстын окуучусу каза тапты

Turmush -  Кечээ, 9-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосунда волейбол боюнча мелдеш өтүп, эки айылдын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесепетинен Беш-Терек айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

«Эки мектептин окуучуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда үч-төрт бала кыжылдаша кетишип, эшикке жөнөшкөн экен. Андан соң бир бала чуркап келип, спорт залдын ичиндеги чоң балдарды сыртка ээрчитип чыгыптыр. Ал балдар барышса 8-класстын окуучусу дем албай калган экен. Учурда Жумгал РИИБде 9 бала, мугалимдер жана ата-энелер сурак берип жатышат. Ал эми каза болгон бала өлүк сактоочу жайда», - деди күбөлөрдүн бири Мурат.

Жумгал РИИБдин тергөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул маалыматты тастыктап, учурда тергөө иштери жүрүп, сурак болуп жатканын билдиришти.

Буга чейин 2015-жылы 19-сентябрда Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Султан Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек каза болгон эле.

Маалым болгондой, 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын окуучуларын мектептин жертөлөсүнө алып кирип, салык салган. Салык салгандар каза болгон окуучунун жүрөк тушуна катуу сокку урган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×