Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 06.12.2018 17:42

Кочкордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга концерт уюштурулуп, белек берилди (сүрөт)

Turmush -  Кочкор райондук маданият үйүндө Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылып, маданият үйүнүн артисттери жана комуз ийриминин катышуучулары чакан концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-кыздар аккордеондун коштоосунда обондуу ырларды аткарып беришти.

Жыйынтыгында маданият бөлүмүнүн кызматкерлери балдарга жакшы тилектерин арнап, белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×