Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.12.2018 21:05

Кайыңды-Булактагы жашоочуларды диний агымдарга азгырылбоого үндөштү

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылына караштуу Кайыңды-Булак айылынын тургундарына диний экстремизм тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын ага лейтенанты Азамат Абдраев билдирди.

22 Анын айтымында, мындай иш-чара уюштурууга учурда бүткүл дүйнөгө жана коомго коркунуч жаратып жаткан терроризм, диний экстремизм жана ар түрдүү диний агымдардын аракеттери себеп болгон. Иш-чарага жашоочулар, окуучулар жана мугалимдер катышты. Аларга диний экстремизмден, терроризмден жана улуттар аралык чыр-чатактарды козуткусу келген ар кандай агымдардан сак болуу, азгырылбоо керектиги айтылды.

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×