Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.12.2018 10:05

Сасык тумоону кантип алдын алса болот? (дарыгердин кеңеши)

Turmush -  Кыш мезгилинин келиши менен аба алмашып, адамдар суук тийгизип, сасык тумоого чалдыгып жатат. Бул оорунун башкы себептерин жана аны кантип алдын алууга болорун Ат-Башы райондук ооруканасынын инфекционисти Разия Жусубакунова айтып берди.

20181121_134656

«Азыркы учурда сасык тумоо менен көбүнчө 5 жашка чейинки балдар жана башталгыч класстын окуучулары ооруп жатышат. Оору көп адам болгон жерде бат тарайт. Бир бала ооруп, ал жакшы дарыланбай же үйүндө карай турган киши жок болуп калса, аны бала бакчага жибере беришет. Оору аба аркылуу жугат. Балдар чогуу ойноп, бирге тамактанышат. Ошондуктан бири-бирине жугат. Сасык тумоонун белгилери — баш оору, дене табы көтөрүлүү, мурдунан суу куюлуу, жөтөлүү, шалдыроо.

Алдын алуунун бир нече ыкмасы бар. Балада сасык тумоонун белгилери байкалса колдон келсе үйдө дарылоо керек. Абанын тазалыгын карап, үйдүн ичине таза аба киргизип, колду жууп, тазалыкты сактоо керек. Ал эми чоң адамдар эл көп жерде беткап тагынып, көбүрөөк суусундук ичип, иммунитетин көтөрүшү зарыл. Ошондой эле дарыгерге кайрылып, тиешелүү дарыларды жаздырып алуу керек. Мындан сырткары витаминдүү, суюк тамак ичүү абзел. Сасык тумоо күчөп кетсе, бир нече ооруну чакырат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×