Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 06.12.2018 08:50 На русском

Кочкордогу оорукананын хирургия бөлүмүнө лифт орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Кочкор аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө лифт орнотулуп, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган оорукананын башкы дарыгеринин чарбалык иштер боюнча орун басары Дүйшөн Усупбеков билдирди.

Анын айтымында, лифт орнотуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн. Түркияда жасалган лифт 3 тонна 300 килограмм салмакты көтөрө алат.

«Буга чейин бейтаптарды экинчи кабатка тепкич аркылуу көтөрүп чыгууда көйгөй жаралып келген. Ал үчүн бир нече кенже кызматкерлер, санитарлардын убактысы алынат. Азыр тез жардам аркылуу келген бейтап лифт аркылуу дарыгердин коштоочулары менен хирургия же жандандыруу бөлүмүнө, рентгенге алынып келет. Мындай лифт Нарын облусундагы ооруканалардын ичинен Кочкор районунда гана бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×