Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 05.12.2018 18:10

Нарындагы милиционерлер майып балдарын жалгыз баккан энеге жардам көрсөтүштү

Turmush -  Нарын РИИБдин кызматкерлери жардамга муктаж жалгыз бой энеге азык-түлүк алып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата «Биз биргебиз» акциясынын алкагында Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылынын тургуну — 1971-жылы туулган Жыпара Сааданалиевага жардам көрсөтүштү. Ж.Сааданалиеванын жолдошу каза болсо, өзү пенсионер. Анын эки баласы кичинекей кезинен бери мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×