Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2018 16:14

Кызыл-Жылдыз айылында 57 млн сомдук суу сактагычтын курулушу башталды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Кара-Дөбө өрөөнүндө суу сактагыч куруу үчүн жер түздөө иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Дөбө суу сактагычын курууга 57 млн сом бөлүнгөн. Бул жылы тендер өтүп, аны курулуш ишканаларынын бири утуп алган. Учурда суу сактоочу жайдын аймагында жер казуу, түздөө иштери жүрүп жатат.

Каржы маселеси өз убагында чечилип, маселе жаралбаса Кара-Дөбө суу сактагычы 2019-жылдын аягында ишке берилет. Ал пайдаланууга берилгенден кийин жалпы 400 га жерди суу менен камсыздап, кошумча 100 га жер иштетилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×