Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.12.2018 14:12 На русском

Айыл турмушу: Жолдошу менен кыштоого чыккан 86 жаштагы Сайра апанын жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургуну Сайра Ноорузбаева жолдошу менен айылдын четиндеги кыштоодо күн кечирип келет. Бул жерде болгону 2 сарай бар. Ал кыштоодогу жашоосу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Сайра Ноорузбаева 1934-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. 9-классты аяктагандан кийин ушул эле райондогу Казыбек айылына келин болгон. Сайра апа 3 бала төрөп, бирок 1 кыз, 1 уулу чарчап калган. Учурда 1 уул, 4 небере жана 13 чөбөрөсү бар.

«Жаш кезде шырдак жасап, сокмо согуп, жип ийричүбүз. Эми азыр эриккенде гезит тиктеп коюп отурам. Көз дагы көрбөй калат турбайбы. 1953-1983-жылдар аралыгында койчу болдук. Кой кыркканда ал качат, аны кармайбыз деп бороондо калган күндөр көп болду. Ал кезде кийим дагы жок эле. Бир-эки эле сыйра кийимибиз бар болчу.

Кара жаныбызды багып эле отурабыз. Карамагыбыздагы 4 уйду карап, жылкыларга чөп салабыз. Балдар бизди айылга алып кетүүнү каалашат, бирок буга абышкам макул болбойт. Мен аны таштап кете албайм. Өзүм 86 жаштын чайын ичип жатам, абышкам 90 жашка чыкты. Ал эми балам айылда турат.

Эртең менен от жагып, күл чыгарып, абышкама чай камдап, нан бышырам. Керектүү азык-түлүктү уулум алып келип берет. Ошону менен таң атып, кеч кирип, жашоо өтүп жатат. Сууну болсо унаа менен алып келип турабыз. Кээде эшек менен сайдан ташыйбыз. Кийимдерди келиним айылга алып кетип жууп, кайра жеткирип берет. Ден соолук болуп, бөөдө кырсык, кайгыдан тышкары болсо адам баласына күндө майрам, күндө той. Башым, тишим ооруп калганда дары алып келип беришет. 3 бала төрөдүм, 1 кыз жана 1 уулум чарчап калган. Өзүмдүн апам дагы үчтү эле төрөгөн. Айрым кыздар энесин тартат деп айтышат», - деди Сайра апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×