Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.12.2018 23:01 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Нурайым Ибраева кошумча киреше табуунун жолун өздөштүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 32 жаштагы тургуну Нурайым Ибраева кездеменин калдыктарынан гүл жасап, кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Нурайым Ибраева мектепти аяктагандан кийин социалдык өнүктүрүү институтунда окуган. Андан соң азем буюмдар сатылган соода түйүнүндө 1 жыл иштеп, турмушка чыккан. Учурда ал жолдошу менен чакан бизнес түптөдү. Мындан сырткары сувенир, түрдүү буюмдарды жасайт.

«2010-жылы турмушка чыгып, дүкөндө иштебей калдым. Кол өнөрчүлүктөн тышкары гүл өстүрүү менен алекмин. Гүлдүн жүздөн ашык түрүн өстүрөм. Эксперимент жасаганды жакшы көрөм. Учурда пияз отургузуп, канча күндө кандай өсөт экендигин көрүп жатам. Ошондой эле айымдардын майрамына карата гүлдүн башка түрлөрүн өстүрүүнү пландап жатам. Мага мугалимдер да буйрутма беришет. Аларга макеттерди жасап берем.

Жакындарым кичинекей кездеме болсо да алып келишет. Жада калса зым болсо да беришет. Анткени менин өнөрлүү экенимди билишет. Алар интернеттен жакшы жасалган буюм көрүшсө мага сунушташат», - деди ал.

Кол өнөрчү чоң апасынын колунда өскөндүктөн окуучу кезинде эле шырдак жасоого жардам берчү.

«Апам шырдактарды мага ойдуруп, башка бирөөлөргө жөрмөткөнү берчү. Башында шырдакты башкаларга ойдурчубуз, кийинчерээк мен үйрөнүп алдым», - деди ал.

Ал эки баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×