Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2018 11:11 На русском

Жумгалда 54 млн сомго оңдолгон суу сактагыч пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Дыйкан суу топтоочу жайы оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Рахат Жумуков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган жайды оңдоо боюнча долбоор 2017-жылдын сентябрь айында КРнын улуттук стратегиясына киргизилген. Андан кийин өкмөт тарабынан 61 млн сомдук тендер жарыяланып, аны 54 млн сомго кыргызстандык курулуш ишканаларынын бири утуп алган.

Суу топтоо иштери башталгандан кийин күзгү сугат, тоңдурма иштерине суу бериле баштады. Суу сактоочу жай жалпы 200 га жерди, 120 га чарбакты сугат суу менен камсыз кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×